Готтентоттор
Готтентоттор (кой-коин) — Түштүк Африкадагы этникалык коомчулук. Намибияда (40 миң адам, 1967ж.), ошондой эле Түштүк-Африка Республикасынын түндүгүндө (1 миң адам) жашайт. Антропологиялык жактан бушмендерге жакын. Готтентот тилдеринде сүйлөшөт. Африкаанс жана англис тилдери да кеңири таралган. Ишенгендердин көбү протестанттар. Готтентоттор Түштүк Африканын батыш бөлүгүн байыртадан бери мекендешкен. Бушмендерден айырмаланып, готтентоттор көчмөн малчылык менен алектенишкен. Экинчи миң жылдыкта түндүктөн келген бантулар готентотторду түштүккө (чөлдүү аймактарга) сүрүшкөн. Европалык колонизаторлор (голланд/бур, англис, немис) тарабынан физикалык кырылууга дуушар болушкан. Апартеид мезгилинде алар резервацияларда жашашкан. Азыркы мезгилде малчылык жана дыйканчылык менен алектенишет. Көпчүлүк фермаларда жалданып иштешет.