Намибия, Намибия Республикасы — Түштүк-Батыш Африкадагы мамлекет. Түндүгүнөн Ангола жана Замбия, чыгышынан Ботсвана, түштүк-чыгышынан жана түштүгүнөн TAP менен чектешет. Батышын Атлантика океаны чулгайт. Аянты 824,3 мин км2. Калкы 2,2 млн (2009). Борбору - Виндхук шаары Административдик-аймактык жактан 13 районго бөлүнөт. Акча бирдиги - намибия доллары. Намибия - БУУнун (1990), ЭВФтин (1990), Эл аралык реконструкциялоо жана өнүктүрүү банкынын (1990), Бүткүл дүйнөлүк соода уюмунун (1995) жана башка уюмдардын мүчөсү.

Мамлекеттик түзүлүшү түзөтүү

Намибия - унитардык мамлекет. Башкаруу формасы - парламенттик республика. Конституциясы 1990-жылы кабыл алынган. Мамлекет башчысы - президент. Мыйзам чыгаруу бийлигинин жогорку органы - эки палаталуу (Улуттук чогулуш жанаУлуттук кеңеш) парламент. Аткаруу бийлигин премьер-министр баштаган өкмөт (Министрлер кабинети) ишке ашырат. Намибияда көп партиялуу саясий система орун алган. Негизги партиялары: Намибия Түштүк-Батыш Африка элдик уюму, Демократия жана прогресс үчүн чогулуш, Демократиялык альянс, Бириккен демократиялык фронт, Мониторинг тобу жана башка Намибиянын саясаты өлкөдө стабилдүүлүктү сактоого багытталып жана дүйнөнүн бардык өлкөлөрү (өзгөчө африкалык) менен достук мамилени өнүктүрүүгө умтулат.

Табияты түзөтүү

 
Намиб.

Аймагынын көпчүлүк бөлүгүн бөксө тоо (бийиктиги 900-1500 м) ээлейт. Ал түндүктү карай жантайып келип, жээк түздүгүнө - Намиб чөлүнө тик түшөт. Эң бийик жери - Брандберг чокусу (2573 м). Батышында дүйнөдөгү эң ири чөлдөрдүн бири Намиб чөлү (аянты 824,3 миң км2) жана Калахари жатат. Климаты тропиктик, кургак. Январдын орточо температурасы 18-27°С, июлдуку 12-16°С. Жылдык жаан-чачыны жээктеринде 100 лоеден эң четки Түндүк-чыгышында 700 ммге жетет. Негизги дарыялары Оранж жана Кунене. Тропиктик чөл жана кызыл-күрөң саванна топурагы басымдуу. Намиб чөлүндө сейрек кездешүүчү суккулент өсүмдүктөр, бөксө тоолорунда ксерофит бадалдары, тоолорунда жарым чөл жана чөлдөшкөн саванна өсөт. Этоша, Намиб, Скелеттүү Жээк жана Ноуклуфберге улуттук парктары уюштурулган.

Калкы түзөтүү

Негизинен камсы овамбо, кой-коин (нама, дамара), гереро элдери, ошондой эле. башкы улут өкүлдөрү да жашайт. Негизинен христиан динин тутат. Расмий тилдери - англис, немис жана африка тилдери. Орточо жыштыгы 1 км2те 2,5 киши. Төрөлүүнүн денгээли жогору (1000 кишиге 42,1), өлүм-житим төмөн (ЮООге 8,6; жаш балдардын өлүмү өтө жогору, ЮООге 59,8). Калкынын жашынын орточо узактыгы эркектериники – 59 жаш, аялдарынкы – 62. Шаар калкы 37% (2008). Ири шаарлары: Виндхук, Свакопмупд, Рунду, рехобот.

Тарых түзөтүү

Түштүк-Батыш Африка аймагында, азыркы Намибияга алгач койсан тилинде суйлөгөн элдердин (бушмендердин) ата-бабалары отурукташ кан. Мал химба, тжимба уруулары Каоко тайпак тоосунун түштүгүнө, геререро, мбандерулар борбордук райондоруна, орламдар Түндүк-батыш бөлүгүнө жер которушкан. Кунене жана Окаванга дарыясынын жээктерине овам уруусу жайгашкан. 1830-50-жылдарда орлам уруусунун башчысы Йонкер Африкаанер көптөгөн урууларды багынтып, аймактык-аскер уюмун түзүп, Намибия аймагын бийлеген. 1878-жылы Улуу Вритания Намибиянын Уолфиш-Бей аймагын өз үнүн ээлиги деп жарыялаган. 1883-84-жылы Намибияны Германия колониялап, аны германиялык Түштүк-Батыш Африка протектораты деп атаган. Ага каршы жергиликтүү уруулар бир нече жолу көтөрүлүшкө чыккан, 1-дүйнөлүк согуштан кийин Намибиянын Түштүк Африка союзунун (ТАС) көзөмөлүнө өтүшү менен Овамболенде колониялык бийлик биротоло орногон. 1920-жылы Намибияда түштүк-африкалык расачыл кордоо саясаты тараган. 1968-жылы аны башкаруу укугу БУУга берилип, 1968-жылы өлкөнүн аты Намибия деп өзгөргөн. 1966-жылы Намибияда түзүлгөн Түштүк-Батыш Африканын элдик уюмунун СВАПО куралдуу отряддарынын боштондук күрөшүнүн натыйжасында 1990-жылы21-мартта Н. өзүнүн көз карандысыздыгын алган. Намибиянын алгачкы президенти, СВАПОнун лидери Сэм Нуйома. 2005-жылдан Хификепунье Похамба.

Чарбасы түзөтүү

Намибия — өнүгүп келе жаткан өлкө. Экономикасынын негизин тоо-кен өнөр жай (экс- порттон түшкөн кирешенин) ээлейт. ИДП- нин көлөмү 13,8 млрд долларды (АКШ, 2009) түзөт. Аны киши башына бөлүштүргөндө 6,4 миң доллардан туура келет. Андагы тейлөө чөйрөсүнүн үлүшү 56,0 (% менен), өнөр жайдыкы 34,8, айыл чарбаныкы 34,8. Алмаз (негизинен зергерчиликте колдонулат), алтын, күмүш, аметист, уран (дүйнөдө 6-орун), коргошун, цинк, калай, вольфрам, жез, ванадий жана күкүрт казылып алынат. 2007-жылы 1,65 млрд кВт-с электр энергиясы өндүрүлгөн. Түстүү металлургия (жез, коргошун жана башка), тамак-аш (эт, сүт, балык), жыгаччылык, жеңил (анын ичинен тери өңдөлүп, булгаары даярдалат) өнөр жай ишканалары иштейт. Айыл чарбанын башкы тармагы - мал чарбачылыгы. Каракөл кою, бодо мал, ангора эчкиси асыралып, үй куштары багылат. Ошондой эле страус жана крокодил багуучу фермалар иштейт. Жүгөрү, сорго (ак жүгөрү), буудай, бал камыш жана жашылча айдалат. Автомобиль жолунун узундугу 42,2 миң км (анын ичинен асфальтталганы 5,4), темир жолунуку 2,6. Деңиз порттору: Уолфиш-Бей, Людериц. Сыртка алмаз, түстүү металл, алтын, уран концентраты, эт азыктары жана тирүүлөй мал, тоңдурулган балык жана балык продуктулары, каракөл коюнун териси (дүйнөдө алдынкы орунда) чыгарылат. Балыкчылык менен чет өлкөлүк туризм өнүккөн. Негизги соода шериктери: TAP, Кытай, АКШ, Европа союзуна кирген өлкөлөр.

Маданияты түзөтүү

Билим берүүсү мектепке чейинки, башталгыч, орто, атайын кесиптик жана жогорку билим берүүнү камтыйт. Окутуу англис тилинде жүргүзүлөт. 15 жаштан жогору калктын сабаттуулугу 66% ти түзөт (2008). ЖОЖдору, китепкана, музейлери бар. «Альге-майне цайтунг», «Намиб таймс», «Намибия Ньюс» жана башка англис жананемис тилдеринде гезит-журналдар чыгат. Радиоуктуруусу 1960-жылдан, телекөрсөтүүсү 1962-жылдан иштейт, о. эле маалымат агенттиги бар. Намибия - миңдеген жылдар мурун жасалган аска таштарына чегилген сүрөт-чиймелерге бай өлкө. Алар минералдык боёк-сырлар менентартылган, ташка чегилген петроглифтер бар. Алардын көбү бушмендер тарабынан жасалган. Айыл жеринде жашагандардын көпчүлүгү саман, камыш, ылайдан жасалган чатыр үйлөрдө турушат. Металлды иштетип, шуру жасап, курал-жарактарды кооздоо өнөрү өнүккөн.

Колдонулган адабияттар түзөтүү