Гохуа – кытай улуттук живописи. Г. термини Кытайда XX кылымдын башында пайда болгон жана ал тушь менен тартылган традициялык живописти май боёк менен тартылган европалык живопистен айырмалоо үчүн колдонулган. Азыркы учурда бул термин кеңири пайдаланылат жана ал кытай көркөм искусствосунун ар кандай түрлөрүн – живописти, графиканы, дубалдагы жазууларды, жаңы жылдык сүрөттөрдү, кагаздан кесилген элдик оймолорду жана башка өз ичине камтыйт. Маңызы боюнча, Г. – бул кытай маданиятынын көп кылымдык өнүгүүсүнүн натыйжасында калыптанган, анын өзгөчө көркөм образдык системасын, кытай көркөм искусствосунун айырмачылыктарын көрсөткөн өзгөчө стиль, түшүнүк. Бирок көп учурда Г. живописке карата колдонулат. Г. живописи кээ бир техникалык өзгөчөлүктөрдөн (жибек менен жумшак, тез суулануучу кагазды, кара жана түстүү тушту, тунук жана коюу боёкторду пайдалануу) башка да бир гана ага таандык кытай живописи үчүн салт болуп калган көркөм таасирдүүлүктөгү өзгөчө каражаттарга бай. Линиялык сүрөттөөлөрдүн басымдуулугу, жарык шаңынын жоктугу, деталды чебер бөлүп көрсөтүүдөгү жалпылык, башкача айтканда кытай живописинин бүт сапаттары Г. стилин өзгөчөлөнтүп турат. Г. живописи өзүнүн мүнөзү жана мазмуну боюнча өтө эле көп кырдуу, ал ар кыл жанрларды, көркөм мектептерди жана жеке чыгармачыл ыкмаларды камтыйт. Г. живописи өз ичине өнүгүүнүн мындан аркы эң чоң мүмкүнчүлүктөрүн катып турат, ошондуктан Кытай Эл Республикасында бул улуттук көркөм искусствону окуп үйрөнүүгө өзгөчө көңүл бурулууда. 1956-жылы Пекин менен Шанхайда Г. б-ча теоретиктерди жана сүрөтчүлөрдү даярдап чыгаруучу кытай улуттук живопись ин-ттары түзүлгөн.

Колдонулган адабияттар түзөтүү