Гранула
Гранула – мицелланын, массасы б-ча оор заряддуу бөлүгү (атом ядросуна окшош). Ал ядро, потенциал аныктоочу жана карама-каршы иондон турган, адсорбциялык катмардан түзүлөт. Г. заряды мицелла ядросунун алыныш шартына, стабилизатор жаратылышына жараша болот. Мис. АgI гидрозолунун Г. түзүлүшү:
а) AgNO3-ашыкча болгондо-Г. заряды (+);
ядро адсорбциялык катмар
{[mAgI]nAg+(n-x)NO3-}+ X NO3-
гранула диффузиялык катмар
б)КI - ашыкча, стабилизатор, г. заряды (-)
ядро адсорбциялык катмар {[mAgI]nI-(n-x) K+} -XK+
потенциал аныктоочу, карама-каршы иондор. Заряды туруктуу Г-сы бар мицеллалар көп кездешет. Кудайбергенов Т.Т.
Колдонулган адабияттар
түзөтүү- Химия: Энциклопедиялык окуу куралы/Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2004. - 422 б. ISBN 9967-14-021-6
Бул макалада башка тил бөлүмүнө шилтеме жок. Сиз аларды издеп бул макалага кошуп, долбоорго жардам берсеңиз болот.
|