Гранулометрия (лаг. granulum - бүртүкчө жана... метрия), гранулометриялык анализ, механикалык анализ — борпоң тоо тектердин, топурактын жана жасалма материалдардын бөлүкчө составын аныктоо жолдорунун жыйынтыгы.

Борпоң тоо тектер (галька, шагыл, кум, чопо, топурак ж. б.) минералдык жана органикалык заттардын ар кандай өлчөмдөгү бөлүкчөлөрүнөн турат. Алар кесектигине карай белгилүү фракцияларга (класстарга) бөлүнөт. Бул үчүн аныкталуучу материал калбырдан өткөрүлүп анализделет.

Натыйжада өзүнчө таблица жана график түзүлүп, андан кайсы фракция канча экендигин билүүгө болот. Гранулометрия тоо тектердин физикалык касиеттерин, пайда болуу шарттарын, составын д. у. с-ды аныктоого мүмкүндүк берип, курулуш иштеринде, топурактын асылдуулугун билүүдө кеңири колдонулат

Колдонулган адабияттар түзөтүү

  • Кыргыз Совет Энциклопедиясы. Башкы редактор Б. О. Орузбаев. -Фрунзе: Кыргыз Совет Энциклопедиясынын башкы редакциясы, 1977. Том 2. В - Иридий. -672 б.