Графикалык сабат – окуучуларды ар түрдүү графикалык сүрөттөлүштөрдү түзүү жана окуй алуу, ошондой эле түрдүү объекттерден жана процесстерден графикалык сүрөттөлүш-төрүнө жана тескерисинче графикалык сүрөттөлүштөрдөн объекттерге жана процесстерге өтө алуу билгичтерин калыптандырууга багытталган окутуунун элементтеринин жыйындысы.

Графикалык сабат ой жүгүртүү процесси менен тыгыз байланышта болуп окуучулардын графикалык сүрөттөлүштөрдүн символикалык функцияларын аңдап сезүү даражасы менен аныкталат. Адамдардын турмуш-тиричилигинде чыныгы көрүнүштөрдү өзүндөй кылып чагылдырып көрсөтүү системаларында өндүрүштүн түрдүү тармактарында графикалык көрүнүштөр түркүн маанидеги милдеттерди аткарышат (мисалы, сүрөттө нерсенин формасы жана түсү, карта жана чиймелерде нерселердин же алардын бөлүктөрүнүн тегиздикте жайланышы, диаграммада – сандык катнаштары, схема жана графикте тетиктеги айрым элементтердин өз ара байланышы жана башка чагылдырылат). Бул материалдарды окуучулардын өздөштүрүүсүндө белгилүү, законченемдүү удаалаштык орун алат. Ошондуктан ар түрдүү графикалык сүрөттөлүштөр окутуунун түрдүү баскычтарында дал ошол удаалаштыкта киргизилиши керек.

Колдонулган адабияттар түзөтүү

  • Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору. Кыргыз педагогикасы (энциклопедиялык окуу куралы). - Б.: 2004,