Грек-перс согуштары (б. з. ч. 500—449 жж.)

Грек-перс согуштары (б. з. ч. 500—449) — көз карандысыздыгын коргогон байыркы грек полистеринин (шаар-мамлекеттер) Персия менен согуштары.

Согуштун чыгышына Афины менен Эретриянын Кичи Азиядагы грек полистеринин Персия үстөмдүгүнө каршы көтөрүлүшүн колдоп, согуш кемелерин жардамга жиберишип шылтоо болгон. 493-ж. Персия армиясы (кол башчысы Мардоний) көтөрүлүшту басып, Фракияны каратын кайткан. 490-ж. Персия армиясы Эвбеяны басып алат, бирок Марафон талаасындагы атактуу салгылашууда афиндер менен платейликтерден (кол башчысы Мильтиад) жеңилип калган. Перс падышасы Ксеркстин башчылыгы астында жаңы жортуул башталганга чейин (480), Афиныда Фемистоклдин демилгеси менен чоң флот түзүлөт.

Ксеркс бул жолу Фермопил, Беотия жана Аттиканы кыйратып, Афиныны талкалайт. Бирок Персия армиясы ошол эле жылы жана кийин деңизде (Саламин салгылашы) да, кургакта да бир нече оор жеңилүгө учурайт.

Гректердин бул жеңиштери чындыгында Грек-перс согуштарынын тагдырын чечет.

Греция армиясы кол башчы Кимондун жетекчилиги астында Фракия ж. б. жерлерди басыпалат. Бирок Грек-перс согуштары бирде басылып, бирде кайра башталып олтуруп, 449- созулат жана Каллий тынчтыгынын (б. з. ч. 449) түзүлүшү менен аяктайт.

Бул согуштардан кийин грек кул ээлик коому гүлдөп, Афины күчтөнө баштаган.

Колдонулган адабияттар түзөтүү

  • Кыргыз Совет Энциклопедиясы. Башкы редактор Б. О. Орузбаев. -Фрунзе: Кыргыз Совет Энциклопедиясынын башкы редакциясы, 1977. Том 2. В - Иридий. -672 б.