Григорьев мөңгүсүИчки Теңир-Тоодогу жалпак чокудагы мөңгү. Узундугу 6 км, аянты 8,3 км2. Тескей Ала-Тоонун түштүк мөңгүлөрү 231 капталында, Арабел суусунун алабында жайгашкан. Мөңгүнүн башы деңиз деңгээлинен 4606 м, этеги 4202 м бийиктикте жатат. Кар чегинин бийикт. 4400 м. Мөңгүнүн формасы үч бурчтук сымал, эңкейиштеген сайын жайылып, этегинин эни 4 кмге чейин жетет. Калыңдыгы 100–150 м. Сырткы кейпи түндүктөгү аралдардагы калкан сымал мөңгүлөргө окшош. Мөңгү академик А. А. Григорьевдин ысымынан аталган.

Колдонулган адабияттар түзөтүү