Грунт (нем. Grund — негиз, кыртыш) — инженер-курулуш иштерине объект болгон ар кандай тоо тектердин жалпы аты.

Грунттун эки түрү бар:

  1. таш Грунт туташ массив болуп жаткан интрузия, эффизив, метаморфизм жана чөкмө тоо тектер;
  1. борпоң Грунт - антропоген мезгилинде пайда болгон чөкмө тоо тектер (шагыл, кум, чопо ж. б.).

Колдонулган адабияттар түзөтүү

  • Кыргыз Совет Энциклопедиясы. Башкы редактор Б. О. Орузбаев. -Фрунзе: Кыргыз Совет Энциклопедиясынын башкы редакциясы, 1977. Том 2. В - Иридий. -672 б.