Гумандуу педагогика – ХХ кылымдын 60-жылдары АКШ гуманисттик психологиянын идеяларын иш жүзүнө ашыруу багытында АКШда пайда болгон окутуу тарбиялоо системасынын бир тармагы. Гумандуу педагогика педоцентризми прогрессивизмдин педагогика асыл нарктары менен шайкеш. Ал жаш муундарга билим жана коомдук нормаларды таңуулоо менен алпурушкан салттуу педагогикадан кескин айырмаланып, өзүнүн мүмкүнчүлүктөрүн толук ачуу, жөндөм шыгын тынымсыз өркүндөтүү, түрдүү турмуштук кырдаалдарда туура жана чечкиндүү аракет жасоого жөндөмдүү инсандарды тарбиялоону көзөмөл тутат. Учурда гумандуу педагогика идеялары тамырын кеңири жайып, бардык мамлекеттердин, анын ичинде Кыргызстандын таалим-тарбия ишинин өсүп-өнүгүшүн аныктоочу бирден бир көрсөткүчкө айланды.

Колдонулган адабияттар түзөтүү

  • Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору. Кыргыз педагогикасы (энциклопедиялык окуу куралы). - Б.: 2004.