Гуманитардык кызматташтык

Гуманитардык кызматташтык - эл аралык мамилелер системасындагы азыркы күндөгү эң маанилүү багыт. Негизги максаты: жердеги турмушту сактоо, бардык өлкөлөрдө адам турмушун жакшыртуу, түрдүү оорулар менен күрөшүү, адам өмүрү, ден-соолугу жөнүндө камкордук, балдарды окутуу ж. б. кирет. Гуманитардык кызматташтык эки жактуу, көп жактуу негизде жүргүзүлөт. Глобалдуу масштабда да болот. Качкындарга жардам берүү, улуттар аралык жаңжалды токтотуу, терроризм, наркоманияга каршы күрөшүү, билим берүү, маданий иштерге жардамдашуу кирет. Гуманитардык кызматташтыкты негизинен БУУ уюмдары ЮНЕСКО, Бүткүл Дүйнөлүк Саламаттык Сактоо Уюму, ЮНИСЕФ, Кызыл Ай ж. б. координациялайт. Гуманитардык кызматташтык Европа континенти үчүн негизги багыттардын жана чаралардын комплекси 1980-ж. Венада СБСЕ актысында каралган. Анда адамдардын бир өлкөдөн экинчи бир өлкөгө көчүү мүмкүндүгү, камакта жаткандардын укук-милдеттери, динге ишенүү эркиндиги ж. б. каралган. Дүйнөнүн айрым региондору үчүн СБСЕ чечими идеал болуп саналат, анткени алардын социал-экономикалык, саясий өнүгүүсү, жогорку деңгээлде эмес.




Колдонулган адабияттар түзөтүү

Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору. Саясат таануу (энциклопедиялык окуу куралы).-Б.: 2004,ISBN 9967-14-020-8