Гуркан — «Мажму ат-таварихте» "Манас" эпосунун эпизоддук кейипкери, кан. Имам Ибрагим Ферганада жана Тянь-Шанда жашаган кыргыздардан он жана сол канат күч түзүп, Гурканга каршы согуш жүргүзгөндүгү айтылат. Ал эми тарыхый булактар боюнча бул термин кара кытай башкаруучуларынын титулу. 1125-ж. кара кытайлар чжурчжендерден жеңилгенден кийин Г. Елюй-Даши баш болгон алардын бир бөлүгү Емиль өрөөнүнө көчүп келишкен. 1130-жылдын орто чендеринде Баласагун, Кашкар, Бешбалыктын айланасындагы кыргыздарды каратып алган. Ушул окуяларга байланыштуу «Гуркан» деген термин ысым катары кирип калган болуу керек.

Колдонулган адабияттар түзөтүү

Манас энциклопедиясы/Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору.Бишкек: Кыргыз энциклопедиясынын Башкы редакциясы, - 1995. 1-т. - 440. ISBN -5-89750-013-4