Гэйл Карсон Левин (англ. Gail Carson Levine; 1947-жылдын 17-сентябрында туулган) — америкалык жазуучу. Ал жаш өспүрүмдөр үчүн китептерди жазат. Анын "Сыйкырланган Элла" (англ. Ella Enchanted) аттуу биринчи романы 1998-жылы "Нүберинин" ардак сыйлыгына татыган.

Гэйл Карсон Левин.

Өмүр таржымалы түзөтүү

Левин Нью-Йорк шаарында чоңоюп өскөн. Ал өзүнүн чыгармачылык жөндөмү үчүн ата-энеси себепкер деп эсептейт. Анын атасы көркөм студияга ээлик кылса, апасы мугалим болуп, окуучулар үчүн пьесаларды жазган. Атасынын жетимдер үйүндө өткөн балалыгы ага "Түн ичинде Дэйв" (англ. Dave at Night) аңгемесин жазууга эргүү берген. Анын беш жаш улуу эжеси Рани сүрөтчү болуп калган.

Бала кезинде Левин аябай берилип окуган; анын сүйүктүү китеби Жеймс Мэтү Барринин "Питер Пэн" (англ. Peter Pan) китеби болгон жана ал Луиза Мэй Олкотт менен Лүси Мод Монтгомеринин чыгармаларын да ырахаттануу менен окуган. Алгач актриса жана сүрөтчү болгусу келген Левин актердукка кызыгуусу тараганга чейин театрдагы топторго катышып жүргөн.

1967-жылы ал Дэвид Левинге турмушка чыккан. Ал Нью-Йорктогу Сити коллежде философия боюнча билим алып, 1969-жылы бакалавр даражасына ээ болгон. Ал өмүрүнүн кийинки 27 жылын Нью-Йорк штатынын өкмөтүндө иштеп өткөргөн. Ал жерде адамдарга жумуш табууга жардам берип, негизинен коомдук камсыздандыруу адиси болуп эмгектенген. Ошондой эле анын Регги аттуу эрделтерери бар.

Чыгармалары түзөтүү

Шилтемелер түзөтүү