Даам берүүчү заттар — тамактын даамын жакшыртуу үчүн колдонулуучу азыктар тобу. Даам берүүчү заттарга татымалдар (калемпир, чеге гүл), тамак-аш кислоталары (лимон, уксус кислотасы), жыт берүүчү заттар (ваниль, ванилин, жыттуу эссенциялар), кайнатма туз жана башка кирет. Алар тамактын даамын оңойт, тамакка табитти ачат, ичегинин кыймылын күчөтөт.

Ал жыт, даам сезүүчү нервдерди дүүлүктүрүп, шилекей, карын зили, уйку безинин маңызы жана башкалардн көп бөлүнүшүнө шарт түзөт. Тиричиликте эң кеңири колдонулган даам берүүчү заттарга кайнатма туз (хлордуу натрий) кирет. Кайнатма туз организмдин натрий менен хлорго болгон талабын камсыз кылып, анын физиологиялык мааниси ар түрдүү. Чоң киши суткасына 10—15 г, ысык климатта 25— 30 г хлордуу натрийди керектейт, составында хлордуу натрий бар азыктардан организмге 2—5 г гана түшөт, калганы кайнатма тузду тамак-ашка кошуу менен толукталат. Даам берүүчү заттарды өтө көп колдонуу жарабайт, ал боор, бөйрөк, ичеги-карын ооруларына жакпайт.


Колдонулган адабияттар түзөтүү

Кыргыз Совет Энциклопедиясынын Башкы редакциясы. «Ден соолук» Медициналык энциклопедия. - Ф.:1991, ISBN 5-89750-008-8