Давенеоз (Davaineioses) – тоок, күрп, цесарка жана жапайы куштардын ичегисин дартка чалдыктыруучу гельминтоз ылаңы. Бардык жерде таралган, көбүнчө тоокту ылаңдатып, экономикалык чоң зыянга учуратат. Тоок ылаңдаткычынын (Davainea proglottina) уз. 0,5–1,5 мм, 2–5 муунактан турат. Жетилген муунагына кабыкчасы жок жумурткалар толгон. Аралык ээси кургакта жашоочу моллюскалар, алардын денесинде жумурткалар цистицеркоиддерге айланат. Алар менен тооктун денесине кирип, 12–16 күндө жыныстык жактан жетилет. Көбүнчө балапандар ылаңдайт. Ылаң жазында башталып, жайында көбөйөт, себеби күн ысыган сайын, моллюскалардын да активдүүлүгү күчөйт. Клиникалык белгилери мүнөздүү эмес. Дартка чалдыккан балапандар жем жебейт, суусайт, үлдүрөйт, кээде таажысы жана желбирөөчтөрү саргаят; өлүмгө чалдыгат. Жемге кошуп камаланы (1 кг салмагына 1–2 г), ареколинди (0,003 г/кг), филиксанды (0,5 г/кг), мышьяк калий кычкылын, биотенолду (0,2 г/кг) төрт күн бою эки ирет берет. Гельминтсиздөө учурунда бакма куштарды эки күн сыртка чыгарбайт, заңын чогултуп өрттөйт.

Колдонулган адабияттар түзөтүү

  • Кыргызстан: энциклопедия