Гельминтоздор

Гельминтоз‎»‎ барагынан багытталды)

Гельминтоздор (лат. helminthosis, жекелик сан; б.-грек. ἕλμινς же б.-грек. ἕλμινθος — курт, мите + -osis) — кишинин, жаныбарлардын жана өсүмдүктөрдүн мите курттар — гельминттер (глисттер) пайда кылуучу оорусу.

Гельминтоздор

Гельминтоздор козгогучтардын түрүнө жараша төмөнкү топторго бөлүнөт:

Кишиде трематодоздордонописторхоз; цестодоздордондифиллоботриоз; гименолепидоз, тениидоздор, эхинококкоз; нематодоздордонаскаридоз, анкилостомидоздор, трихинеллёз, трихоцефалёз, чүчөк көп кезигет. Ар кандай түрдөгү гельминттер айрым орган жана ткандарды жабыркатат.

Гельминттердин түрүнө жана санына, жабыркаткан жерине (мисалы: ичегинин былжыр челине), организмдин жалпы абалына жана башка жараша оорунун белгилери ар түрдүү болот.

Гельминтоздордо (өтө жеңил түрүндө да) оорулуу арыктайт, нерв тутуму бузулат, алы кетип, башы айланат, кыртышы эч нерсе сүйбөй калат жана башка Эгерде мите ичегиде мителик кылса ич катат же өтөт, жүрөгү айланат, чанда кусат.

Боордо болсо — өңү саргайып, ак шишик басат. Өпкөдө болсо жөтөлөт. Жумушка жарамдуулугу төмөндөйт, балдарда психикалык өөрчүүсү начарлайт, өсүүсү жана жыныстык жетилүүсү жай жүрөт, унутчаак болот жана башка дарылоодо организмден митени чыгарып гана тим болбостон, заң менен түшкөн глистти жана алардын жумурткасын башка организмге жукпасын үчүн дегельминттөө жүргүзүлөт.

Колдонулган адабияттар

түзөтүү
  • Кыргыз Совет Энциклопедиясынын Башкы редакциясы. «Ден соолук» Медициналык энциклопедия. - Ф.:1991, ISBN 5-89750-008-8