Дагулук"Манас" эпосунун эпизоддук кейипкери. Көкөтөйдүн ашына кеңешке чакырылгандардан (Сагымбай Орозбаков, 3. 81, 85).

2. Дагулук — "Манас" эпосунун эпизоддук кейипкери, Кашкар беги, Акундун баатыры. Кыргыз менен кашкарлыктардын колу беттешкенде жекеге чыгат. Ага каршы барууга Кыргыл менен Бакай жол талашып калганда, Манас душмандын колунун абалын байкап, урушсуз эле жөн-жай эпке келтирүүгө ортого чыгат. Д. качырып келип Манасты саят, ал тоотпойт, экинчи сапар жарым төш жерден качырып келип сайганда анын кайра-кайра кол салганына ачуусу келген Манас аны шыйрагынан алып, камчы кылып булгалап, душмандын колун аралап жөнөйт. Д. менен тууну кармаган кишисин уруп, экөөнү тең күм-жам кылат (Кол жазмалар фондусу, 1792-инв., 15-б.).

Колдонулган адабияттар түзөтүү

  • "Манас" энциклопедиясы/Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору.Бишкек: Кыргыз энциклопедиясынын Башкы редакциясы, - 1995. 1-т. - 440 б. ISBN -5-89750-013-4