Дампир Уильям (William Dampier) (8.6, 1652, Сомерсет графтыгы, Йовилге жакын – март, 1715, Лондон) – англиялык деңиз сүзүүчү, окумуштуу, соодагер жана деңиз каракчысы. Үч жолу дүйнөнү айланып сүзгөн. Бир нече жыл Вест-Индияда жүрүп, океанга байкоо жүргүзгөн. Австралиянын түндүк-батышы аркылуу сүзүп өтүп, бир нече аралдар тобун (анын ичинде Дампир аралы) жана майда аралдарды ачкан. Тынч океандын түштүк аймагынын картасын түзгөн жана сүрөттөп жазган. Ал 1691-ж. Англияга кайра кайтып, саякаты тууралуу бир нече китеп (анын ичинен «Жаңы Голландияга саякат» жана башка) жазган. Дампирдин «Шамалдардын багыты» деген эмгеги метеорология үчүн өтө баалуу.

Уильям Дампир (1697–1698).

Колдонулган адабияттар түзөтүү

  • Кыргызстан: энциклопедия