Данакер - металл буюмдарды бири-бирине бириктирип, кармап калуучу металл же куйма. Данакердин эрүү даражасы данакерленүүчү металлдардын эрүү температурасынан төмөн болууга тийиш. Эрүү температурасына жараша данакер жумшак жана катуу болуп бөлүнөт. Жумшак данакер коргошун, калай, висмут жана кадмийдин кошундуларынан алынат. Мунун ичинен коргошун-калайлуу данакер көпчүлүк металлдарды данакерлөөдө колдонулат. Алюминий жана магний куймаларынан жасалган буюмдарды данакерлөөдө калай-цинк-кадмий, цинк-кадмий жана калай-цинк-алюминий-кадмий кошулмалары пайдаланылат. Катуу данакерге жез, күмүш жана алардын куймаларынан жасалган данакерлер кирет.

Колдонулган адабияттар түзөтүү