Данектүү мөмө породалар - роза гүлдүүлөр тукумундагы мөмө өсүмдүктөр.

Шабдалы (лат. Prunus persica).

Аларга чие, гилас, өрүк, алча, шабдалы, кара өрүк ж. б. кирет. Мөмөсү таттуу, жалкы данектүү. Алар жаны кезинде желет, кыям, компот, как ж. б. жасалат.

Данектүү мөмө породалар өсүшү, түшүмү ж. б. касиети жагынан ар түрдүү, алардан гилас узак осот. Тез жетилип, 3-4 жылдыгында мөмөлөйт. Уруктуу момо дарагына Караганда эрте гүлдөйт, жыл сайын мол түшүм берет.

=> Кайналы (Prunus).

Булактар түзөтүү

  • Кыргыз Совет Энциклопедиясы. Башкы редактор Б. О. Орузбаев. -Фрунзе: Кыргыз Совет Энциклопедиясынын башкы редакциясы, 1977. Том 2. В - Иридий. -672 б.