Даниел Таго

Ганалык жана Кыргызстандык футболчу

Даниел Таго (англ. Daniel Nii Armah Tagoe; 3-март 1986, Аккра, Гана) —Ганалык жана Кыргызстандык футболчу, Тажикстандын "Душанбе-83" футболдук клубунун оюнчусу[1]. "Дордой" клубунун коргоочусу (2007—2018). Кыргызстан улуттук футбол курамасынын оюнчусу (2014—2019)[2].

Портал:Футбол
Портал:Футбол
Даниел Таго
Жалпы маалымат
Төрөлгөн датасы 3 -март 1986(1986-03-03) (38 жаш)
Аккра, Гана
Жарандыгы  Гана  
 Кыргызстан
Бою 178 см
Позициясы Коргоочу
Клуб тууралуу маалымат
Клубу Тажикстан Душанбе-83
Номуру 17
Карьерасы
Жаштар клубдары
Гана Eleven Stoppers
Гана Dansoman Unite
Клубдук карьерасы*
2003—2005 Гана Берекум Арсенал
2007 Орусия КАМАЗ (Москва) ЛФЛ
2007—2016 Кыргызстан Дордой 135 (7)
2016 Бахрейн Аль-Хала
2016—2018 Кыргызстан Дордой 39 (5)
2018—2019 Бангладеш Читтагонг Абахани 23 (2)
2020 Мьянма Шан Юнайтед 11 (1)
2020 Кыргызстан Алай 3 (0)
2021—а. у Тажикстан Душанбе-83 8 (1)
Улуттук курамасы**
2014—2019 Кыргызстан Кыргызстан 21 (0)

* Кесиптик клубдагы голдордун жана оюндардын саны ар кандай улуттук чемпиондуктардын лигаларындагы гана эсептелет, 19-сентябрь 2023-жылдагы маалымат боюнча оңдолгон.

** Расмий матчтардагы улуттук курама үчүн оюндардын жана голдордун саны, 11-октябрь 2019-жылдагы
маалымат боюнча оңдолгон.

Өмүр баяны

түзөтүү

Ганалык "Га Тайбе" уруусунун ханзаадасы [3] 12 жашынан бери Eleven Stoppers жана Dansoman Unite командаларында ойногон. Биринчи профессионалдык клуб - «Берекум Арсенал» (2003-2005). Тагонун айтымында, анын агенти Орусиядан чакыруу алып, ал КАМАЗ клубуна өткөн. [4] Москвадагы КАМАЗ ышкыбоздор клубун машыктырган Сергей Дворянковдун айтымында, Таго жана анын досу Дэвид Тетте РУДН университетинин жатаканасында жашап, анын командасын көрүү үчүн келишкен. [5] Ошол эле учурда, бир катар маалымат булактарында алардын Набережные Челны шаарынан КАМАЗда ойногону көрсөтүлгөн. 2007-жылы Таго, Дворянковдун артынан, Кыргызстандын " Дордой " клубуна келген. 2016-жылы 30-августта Бахрейндин «Аль-Хала» клубуна өткөн, 2016-жылы декабрда "Дордой" менен эки жылдык келишим түзгөн. [6]

Ал Кыргызстандын жарандыгын алып, 2014-жылдан 2019-жылга чейин Кыргызстан улуттук футбол курамында ойногон. 2019-жылдагы Азия Кубогунун катышуучусу, турнирде 2 беттеш өткөргөн. 2019-жылы 11-октябрда Бишкектеги Кыргызстан-Мьянма беттеши алдында Даниел Таго менен Павел Сидоренко күйөрмандарынын алдында улуттук курамдагы карьерасын жыйынтыктаганын айтып коштошкон[2].

Жеке жашоосу

түзөтүү

Элнура Орозбаева жубайы (2015-жылдын октябрь айынан бери), [7] кызы Данелия (2016-жылдын апрелинде туулган). [8]

Жетишкендиктери

түзөтүү
  • Кыргызстандын чемпиону (6): 2007, 2008, 2009, 2011, 2012, 2014.
  • Кыргызстан Кубогунун ээси (4): 2008, 2010, 2012, 2014.
  • АФК Президентинин Кубогунун ээси (1): 2007-жыл.
  • АФК Президентинин Кубогунун вице-чемпиону (3): 2008, 2009, 2010.
  • Кыргызстандын мыкты футболчусу (2009)

Эскертмелер

түзөтүү

Шилтемелер

түзөтүү