Даниялык кыз
«Даниялык кыз» (англ. The Danish Girl) — Американын өмүр баян жана романтикалык драма жанрындагы көркөм тасмасы. режиссёру Том Хупер.
Даниялык кыз
| |
The Danish Girl | |
Жанры |
Драма, Өмүр баян-тасма |
---|---|
Режиссёру |
Том Хупер |
Продюсери |
Тим Беван |
Сценарийдин автору |
Люсинда Коксон |
Башкы ролдордо | |
Оператору |
Danny Cohen |
Композитору |
Александр Депла |
Кинокомпания |
Working Title Films, Pretty Pictures, ReVision Pictures, Senator Global Productions, Artémis Productions, Shelter Prod, Taxshelter.be |
Узактыгы |
120 мүнөт |
Бюджети |
15 млн $ |
Кирешеси |
64 191 523 $ |
Өлкө | |
Тили | |
Жылы | |
IMDb |
Мазмуну
түзөтүүГерда жана Эйнар Вегенер бири-бирин абдан сүйгөн үй-бүлө болот. Алар Даниянын борбору Копенгаген шаарында, бактылуу күн кечиришет. Экөө тең сүрөтчүлүк менен алектенет. Герданын иши жүрүшпөй бир топ кыйналат.
Бир күнү аялдын сүрөтүн тартуу үчүн Герда күйөөсү Эйнарды модель катары туруп берүүсүн өтүнөт.Ошондон тарта Герданын тарткан сүрөттөрү популярдуу болуп, күйөөсүн сүрөткө тартууну улантат. Убакыт өткөн сайын Эйнар үчүн аялдын образынан чыгуу кыйынга тура баштайт. Ал анын ичинде жашыруун бирөө жашап жатканын мурун эле билсе да, эркек катары жашоого аракет кылат.
Эйнар жубайы менен кечеге чакырылат. Бул ирет ал өзгөчөлөнүп жубайы менен аялдардын көйнөгүн кийип барат. Бирок аны эч ким тааныбайт. Эркектердин баары анын баскан-турганына, назик кылык-жоруктарына суктанышып, бейтааныш кызга кызыгуу артышат. Ал бул кечеде өзүн Эйнардын жээни Лили деп тааныштырат. Дал ушул күнү ал Хенрик аттуу мырза менен таанышып (Эйнар менен Хенрик мурда эле тааныш болгон), өбүшүп жаткан учурда Герда көрүп калат. Ал мындай окуя экинчи кайталанбасын деп гана тим болот. Хенрик башында эле Лилинин ким экенин билген. Эйнар токтотуунун ордуна жубайынын көзүнө чөп салып, Хенрик менен жашыруун көрүшө баштайт. Жыйынтыгы жубайлардын ажырашуусуна алып келет, бирок дос боюнча калышат.
Эйнардын бул кырдаалдан чыгуунун бир гана жолу – жынысын алмаштыруу керектигин түшүнөт. Бирок буга мурунку жубайы, жакын сырдашы Герда каршы болот. Анткени дарыгер жынысын алмаштыргандан кийин анын тирүү калуусуна кепилдик бере албайбыз деп айтат. Анын үстүнө буга чейин жыныс алмаштыруу боюнча дүйнө жүзү боюнча дарыгерлер бир дагы жолу операция жасашкан эмес. Бирок айтканынан кайтпаган Эйнар максатына жетип, жынысын алмаштырып, Эйнар Вегенерден Лили Эльбеге айланат. Өкүнүчтүүсү – максатына жеткени менен, ал көп узабай көз жумат.
Каармандарда
түзөтүүАктёр | Роль |
---|---|
Эдди Редмэйн | Эйнар Вегенер / Лили Эльбе |
Алисия Викандер | Герда Вегенер |
Маттиас Шонартс | Ханс Аксгил |
Бен Уишоу | Хенрик |
Эмбер Хёрд | Улла Полсон |
Себастьян Кох | профессор Варнекрос |
Ой-пикирлер
түзөтүүДагы караңыз
түзөтүүскертмелер
түзөтүүШилтемелер
түзөтүү- «Даниялык кыз» (англ.) Internet Movie Database сайтында