Э́двард Джон Дэ́вид Редмэ́йн (англ. Edward John David Redmayne, 6-январь 1982, Лондон, Англия, Улуу Британия) — англиялык актёр. «Оскар», «Алтын глобус», BAFTA жана башка сыйлыктардын лауреаты.

Эдди Редмэйн
Eddie Redmayne
Төрөлгөндөгү ысымы:

Эдвард Джон Дэвид Редмэйн

Туулган датасы:

6 -январь 1982(1982-01-06) (42 жаш)

Туулган жери:

Лондон, Англия, Улуу Британия

Жарандыгы:

 Улуу Британия

Кесиби:

актёр

Карьерасы:

1998 — азыркы учурда

Сыйлыктары:

Киносыйлыктары:

«Оскар» (2015)
«Алтын глобус» (2015)
BAFTA (2015)

Театральные награды:

Лоренс Оливье сыйлыгы (2010)
«Тони» (2010)
IMDb:

ID 1519666

«Ар нерсенин теориясы» тасмасында Стивен Хокингдин ролун жараткандан соң атагы чыккан.

Өмүр баяны түзөтүү

Эдди Редмэйн Улуу Британияда Лондон шаарында туулган. Колет Корт башталгыч мектебин бүтүргөн соң Итон коллежинде Уильям ханзаада менен бир класста окуган. Редмэйн ак көңүл жана сезимге берилүүчү өспүрүм болгон. Коллежде окуп жүргөн кезинде музыка майданындагы өзгөчө жетишкендиктери үчүн стипендия алчу — болочок актёр хордо соло аткарып жана пианинодо ойночу. Редмэйнди факультеттин старостасы кылып шайлашкан. Кийин ал Тринити коллежине искусство тарыхы факультетине которулуп, ал окуу жайды 2003-жылы аяктаган.

Эдди актёрлук чеберчилик сабактарына бала кезинен катышып баштаган. Актёрлук кесипке сегиз жашынан кызыгуу арткан.

Эддинин дебюту 2002-жылы «Глобус» театрында Шекспирдин «Он экинчи түн» пьесасында болгон. Ошондой эле Critics' Circle Theatre Awards сыйлыгынын 50-чү сыйлоо аземинде Көрүнүктүү жаңы актёр номинациясын жеңип алган.

2009-жылы Эдди Жон Логандын «Кызыл» деген жаңы пьесасында ойноп, ошол ролу үчүн Лоренс Оливье сыйлыгында «Экинчи пландагы мыкты актёр» наамына ээ болгон. Ошол эле ролун «Бродвей» театрында жаратып, «Тони» сыйлыгынын ээси болгон.

Эдди Редмейдин телевидениедеги иштерине BBC каналындагы «Тэсс Д’Эрбервилль» кичи-сериалы, «Жердин мыктылары» сериалы жана башка тасмалар кирет.

Редмэйн өспүрүм кезинен эле модель болуп иштеп баштаган. 2008-жылы Алекс Петтифер менен бирге Burberry үчүн модель болгон, ал эми 2012-жылы — Кара Делевинь менен. 2016-жылы Prada мода үйүнүн жаңы жүзү болгон.

«Ар нерсенин теориясы» тасмасындагы окумуштуу Стивен Хокингдин ролу актёрго «Оскар», «Алтын глобус», BAFTA сыйлыктарын алып келди.

2015-жылы Редмэйн дүйнөдөгү эң биринчи транссексуал жөнүндөгү «Даниялык кыз» тасмасына тартылган.

Жеке жашоосу түзөтүү

2014-жылы 15-декабрьда Редмэйн Ханне Багшого үйлөнгөн. Жубайлардын Айрис Мэри Редмэйн аттуу кызы жана Люк Ричард Багшо Редмэйн аттуу уулу бар.

Тасмаграфиясы түзөтүү

Сыйлыктары жана көрсөтүүлөрү түзөтүү

Мамлекеттик түзөтүү

  • 2015 — Британия империясынын орденинин офицери — театрдын өнүгүүсүнө болгон салымы үчүн.

Кинематографиялык түзөтүү

Сыйлыктары түзөтүү

Көрсөтүүлөрү түзөтүү

  • «Оскар» сыйлыгы
    • 2015 — Эң мыкты эркек ролу, «Даниялык кыз» тасмасына
  • «Алтын глобус» сыйлыгы
    • 2015 — Эң мыкты эркек ролу (драма), «Даниялык кыз» тасмасына
  • BAFTA сыйлыгы
    • 2015 — Эң мыкты эркек ролу, «Даниялык кыз» тасмасына
    • 2012 — Жаңы жылдыз

Тиркемелер түзөтүү

Шилтемелер түзөтүү