Дар -

1) кылмышкерди асып өлтүрүүгө арналган курулма.

Дар бири биринен 2-3 м аралыкта тик орнотулган эки мамынын жогорку үчүна туура жыгач (устун) менен бириктирилет (кээде бир мамыга да туурасынан салынган устун бекитилет).

Туура устунга аркан арта салынып, анын экинчи учуна сыйыртмак байланат. Сыйыртмакты кылмышкердин мойнуна салып тартат же анын буту таканчыктап турган нерсени кулатып жиберет. Дарга асуу оор жаза катары байыркы заманда эле Римде, Чыгыш өлкөлөрүндө жана Орто Азияда белгилүү болгон.

2) Үстүндө басып жүрүп оюн көрсөтүү үчүн бийиктикке атайын тартылган аркан. Ал Дар жыгачы, аркан, чыгырык, киндик (дардын чоң арканын жерге тартып тура турган аркандар), бийик секиден турат.

Колдонулган адабияттар түзөтүү

Кыргыз Совет Энциклопедиясы. Башкы редактор Б. О. Орузбаев. -Фрунзе: Кыргыз Совет Энциклопедиясынын башкы редакциясы, 1977. Том 2. В - Иридий. -672 б.