Даркан"Манас" эпосунун эпизоддук кейипкери, белгилүү уста. Валиханов, Чокан жазып алган эпизоддо Манастын тапшырмасы боюнча төкөр уста Д. ак болот кылыч жасап, Жолой менен Коңурбайдын соңунан казатка жөнөмөк болгон Манаска өзү жеткирип берет. Жолойду Манас ошол кылыч менен чаап өлтүрөт ( Валиханов, Чокан жазып алган эпизод, "Ала-Тоо", 1979, № 7, 93, 95-б.). Башка варианттарда Манастын негизги куралдарын Бөлөкбай уста жасайт, к. Бөлөкбай.

Колдонулган адабияттар түзөтүү

  • "Манас" энциклопедиясы/Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору.Бишкек: Кыргыз энциклопедиясынын Башкы редакциясы, - 1995. 1-т. - 440 б. ISBN -5-89750-013-4