Дарткам
Шарты
түзөтүүОюнчулардын саны 2—5 киши.
Оюн аянтчада, бөлмөдө өткөрүлөт.
Оюнга даярдануу
түзөтүүОюнчулар аянтчада, жерден 50 см. бийиктикке таякчаларды тургузушуп, аларга жипти тартып байлашып тоскоолдук жасашкандан кийин, оюндун шарты жөнүндө сүйлөшүп алышат.
Оюндун баяны
түзөтүүОюнчулар кезектери келгенде, бирден калган оюнчулардан бирден чүкөлөрүн алышып, бир колунун алакандарына катар кылып тизишип, тоскоолдуктун тушуна бир тизелеринде отурушуп, бир канча жолу чүкөлөр тизилген колдорун өйдө төмөн кылышкандан кийин, ашыктарды тоскоолдуктан «дарт кам» деп ашырып ыргытышат. «Алчы» болуп түшкөн чүкөлөрдү чүкө ыргыткан оюнчу утуп алгандан кийин, оюн кезеги кезектеги оюнчуга өтөт. Ал оюнчу чүкөлөрдү толуктап, оюнду кайрадан баштайт. Эгерде ыргытылган чүкөлөрдүн бардыгы «алчы» түшсө, оюн кезеги, чүкөлөрдү ыргыткан оюнчуда калып, ал кайрадан калган оюнчулардан бирден чүкөлөрдү чогулткандан кийин, оюнду улантат. Оюн, оюнчулар каалаган убакытка чейин уланышы мүмкүн. Көп чүкөлөрдү утуп алган оюнчу, оюндун жеңүүчүсү болот.
Оюндун эрежеси
түзөтүүБир бирине тоскоолдук кылууга, чүкөлөрдү көбөйтүүгө же азайтууга болбойт.
Оюнга методикалык көрсөтмө
түзөтүүОюн өткөрүлүүчү жер тегиз, тоскоолдук кыла турган эч нерсе жок болушу керек. Оюнду жалгыз чүкө менен дагы ойносо болот.
Оюндун педагогикалык мааниси
түзөтүүОюн кыймылдарды так аткарууга, тартипти сактоого, бир бирин урматтоого үйрөтөт.
Колдонулган адабияттар
түзөтүүБул макалада башка тил бөлүмүнө шилтеме жок. Сиз аларды издеп бул макалага кошуп, долбоорго жардам берсеңиз болот.
|