Дарыгерлик сыры – медициналык жардам алуу үчүн кайрылган жөнжайы, жарандын денсоолук акыбалы, чалдыккан дарттын тек-жайын тактоо ж. б. текшерүү менен дарылоодон улам алынган маалыматтар. Окутууда жана адистик, кызматтык ж. б. милдеттерин аткаруу учурларында белгилүү болгон Д. с-на кирчү маалыматтарды таркатууга жол берилбейт. Мыйзамдарга ылайык жана жарандын макулдугу менен андай маалыматтарды белгилүү бир максатта берүүгө болот. Ошондой эле, эгер мыйзамдарга туура келсе, жарандын улуксаты жок эле бериле берет.

Колдонулган адабияттар түзөтүү