Дауэс планы - америкалык банкир Ч. Дауэстин жетекчилиги менен эл аралык эксперт комитети Германия үчүн иштеп чыккан репарациялык план.

Биринчи дүйнөлүк согушта жеңишке ээ болгон державалардын өкүлдөрүнүн Лондондогу конференциясында (1924-ж. 16- авг.) бекитилип, аны Германия кабыл алган.

Дауэс планы Германияны жеңген өлкөлөргө репарация төлөп турууга милдеттендирип, немис экономикасынын маанилүү тармактарын ээлеп алуу үчүн, америкалык капиталдын кирүүсүнө жол берүүгө тийиш болгон.

Дауэс планы Германиянын согуш өнөр жайын калыбына келтирип, империализмдин экономикалык жана саясий позициясын чындап, аны Советтик Союзуна жана Европадагы революциялык кыймылга каршы пайдаланчуну көздөгөн.

Дауэс планынын авторлору бул жол Батыш Европадагы капиталисттик системаны бекемдеп, империалисттик державалардын антисоветтик коалициясын түзүп, репарация төлөөдө Советтик Союзуна Германиянын өнөр жай товарлары көп түшүп. СССРдин индустриясын начарлантып. коргонуу жөндөмдүүлүгүн төмөндөтөт деп эсептешкен.

Кыскасы, репарациялык маселе дүйнөлүк экспортто Германиянын ролун жогорулатып. согуш өнөр жай мурдагы деңгээлине жеткен, 2-дүйнөлүк согушту ачууга шарт түзгөн. Бирок Советтик Союзун экономикалык жактан муунтууну көздөгөн Дауэс планы максатына жетпей калган

Колдонулган адабияттар түзөтүү

Кыргыз Совет Энциклопедиясы. Башкы редактор Б. О. Орузбаев. -Фрунзе: Кыргыз Совет Энциклопедиясынын башкы редакциясы, 1977. Том 2. В - Иридий. -672 б.