Лондон конференциясы (1924)

Лондон конференциясы (1924)Биринчи дүйнөлүк согушта (1914–18) жеңген державалардын өкүлдөрүнүн жыйыны. Лондон конференциясы 1924-ж. июль-август айларында Лондондо өткөн. 16-августта Ч. Дауэс жетектеген эл аралык эксперт комитети сунуш кылган Германия үчүн репарациялык план кабыл алган. Ал боюнча согуш өнөр жай потенциалын калыбына келтирүү үчүн Германияга зайым жана кредит берүү каралган. АКШ, Улуу Британия, Франция германиялык агрессияны СССРге каршы багыттап, Германия экономикасын америка-англиялык монополияларга көз каранды кылууга умтулган.

Колдонулган адабияттар түзөтүү

  • “Кыргызстан”. Улуттук энциклопедия: 5-том. Башкы ред. Асанов Ү. А., Б.: «Кыргыз энциклопедиясы» башкы редакциясы, 2014. ISBN 978—9967—14-111-7