Дашковский, Александр Николаевич

Дашковский Александр Николаевич- обончу Башкыр АССРинин Альшеево кыштагында 1943-жылы 20-октябрда туулган.
Ал эки жарым жашка чыкканда апасы кайтыш болуп, үй-бүлөсү менен Кыргызстанга көчүп келишип, ошондон баштап Александрдын бардык жашоосу Кыргызстан менен байланышта болгон. Александр жаштайынан К.Жакыпов атындагы Пионерлер үйүндө музыкалык кружокко катышып, домбрада, балалайкада, баянда жана оркестрде ойногонго үйрөнгөн. 1961-жылы Республикалык эл чыгармачылык үйүндө баяндын курсун бүткөн. 1962-жылы армияда кызмат өтөп жүрүп, «369 Отдельного гвардейского полка» деген биринчи обонун чыгарган.
1966-жылы М.Күрөңкеев атындагы Кыргыз мамлекеттик музыкалык-хореографиялык окуу жайында окуп, ошону менен бирге №6 балдардын музыкалык мектебинде иштеп, өздүк чыгармачылык кружокторун жетектеген. 1976–1981-жж. Б.Бейшеналиева атындагы Кыргыз мамлекеттик искусство институтунда окуган. 1980-жылдан Кыргыз ССРинин Маданият министрлигинин илимий-методикалык борборунун музыка жана фольклор бөлүмүнүн башчысы, 1986–1998-жж. Биринчи Май районунун Балдар чыгармачылыгы жана жаштар үйүндө «Алтын балалык» ыр-бий ансамблинин көркөм жетекчиси жана дирижеру, 1998-жылдан П.Шубин атындагы балдар музыкалык мектебинде окутуучу жана элдик аспаптар оркестринин жетекчиси, 2006-жылдан Кыргыз мамлекеттик циркинин оркестринде башкы дирижеру.
Ал «Чоң кербез» симфониялык поэмасын (1995), «Салют Кыргызстан» (1997), «Алга маршы» (2006) үйлөмө оркестри үчүн марштарды, Т.Казаковдун «Жамгыр» аттуу ырынын темасына аккордеон үчүн вариация ж.б. жазган.
Кыргыз Республикасынын Билим берүү министрлигинин, Кыргыз Республикасынын Маданият министрлигинин, Кыргыз Республикасынын музыка коомунун, Жарандык авиация департаментинин, Кыргыз Республикасынын улуттук коопсуздук кызматынын Ардак грамоталары, «Манас – 1000» медалы менен сыйланган. “Кыргыз Республикасынын эл агартуусунун отличниги”. 2004-жылы Кыргыз Республикасынын Ардак грамотасы, 2009-жылы «Ата журт» төш белгиси менен сыйланган.

Дашковский Александр

Аткарылып жүргөн чыгармалары түзөтүү

  • «У вечного огня» с. У.Жумабаевдики (М.Ронкиндин котормосу, 1980)
  • «Песня о Бишкеке» с. А.Дашковскийдики, (1982)
  • «Старая гвардия» с. А.Токомбаевдики (В.Шаповаловдун котормосу)
  • «Менин элим» с. А.Чекировдуку
  • «Мой город Бишкек» с. А.Дашковскийдики (1987)
  • «Гимн городу Бишкек» с. В.Гриненконуку (2007)
  • «Утро в горах Ала-Тоо» с. С.Абакированыкы (М.Ронкиндин котормосу, 2004)
  • «Надежда» с. Р.Шүкүрбековдуку (В.Семеновдун котормосу, 1985)
  • «Осенние раздумья» с. А.Зарифьяндыкы (1986)
  • «Табунщик» с. Б.Абакировдуку (М.Ронкиндин котормосу, 1993)
  • «Спрашивайте дети» с. А.Зарифьяндыкы (1993)
  • «Чекисты всегда на посту» с. А.Дашковскийдики (2005)
  • «Гимн авиаторам» с. А.Дашковскийдики (2006)
  • «Кыргыз тили мекеним» с. С.Алтымышевдики

Колдонулган адабияттар түзөтүү