Дашт-и-Кыпчак
Иртыш дарыясынан Эдил (Волга) дарыясына чейинки тарыхый-геогр. аймак. 9–10-к-да бул аймакты кыпчак уруулары мекендей баштаган. Аймакта башка калктар жашаса да (огуз ж.б. тилдүү түрк уруулары, финн-угорлор ж.б.), кыпчактардын саясий ролунун өсүшүнөн улам фарсыча Д-и-К. («Кыпчак талаасы») деп аталган. Славян ж-а Европа элдеринин жазма булактарында бул аймак «половец талаасы», «куман талаасы» деген ат м-н белгилүү. Моңгол жапырыгынан кийин деле бул аймак өзүнүн атын сактап калган. Урал (Жайык) суусунан чыгышыраактагы бөлүгү кийин Алтын Ордонун сол канатына караган. Азыркы Казак мамлекетинин түп-тамыры жана негизги фундаменти.
Маалыматтын булагы
түзөтүүКыргыз тарыхы боюнча кыскача энциклопедия. Бишкек. 2003(жеткиликсиз шилтеме)