Дворяндар - ак сөөк жер ээлеринин мурасчылык боюнча артыкчылык берилген сословиеси; дин кызматчылары менен бирге феодалдык коомдо үстөмдүк кылуучу тап болгон.

Бир катар өлкөлөрдө капитализм тушунда Дворяндар өз артыкчылыгын сактап калган. Экон. жана саясий жактан феод, жер менчиктөөгө таянган. Батыш Европадагы Дворяндар-дарак сөөк феодалдардын бирдиктүү сословиеси катары феод, бытырандылык жоюлганда калыптанган. Алар жогорку жана төмөнкү Дворяндар болуп бөлүнүп, жогорку Дворяндарга теги ак сөөк, төмөңкүсүнө көбүнчө король кызматчылары менен жоокер-васеалдар кирген.

Дворяндардын түрдүү титулдары (герцог, маркиз, граф, барон ж. б.) болгон. Жог. Дворяндар феод, бытырандылыкты, майда жана орто Дворяндар королдордун өлкөнү борборлоштуруу саясатын жактаган.

Чыгыш өлкөлөрүнөн Дворяндар Японияда кыйла таасын бөлүнүп чыккан.

Дворяндар Орусияда 12- 13-кылымдарда пайда болгон. 14-кылымдан Дворяндарга кызматы үчүн феодалдар жер берген. Түндүк-Чыгыш Рустун Москва улуу князынын бийлиги астында биригиши менен феод, вассалитет өнүккөн жана кызматчыларга улуу княздын өзү туздон түз башчылык кылган.

16-кылымдын ортосунда Дворяндардын ролу бөтөнчө күчөп, жерг. бийлик алардын колуна өткөн. 16-кылымда жана 17-кылымдын 1-жарымында Дворяндар өздөрүнө дыйкандарды бекиттирип алышкан. Дворяндардын коомдук сословиеге айланышы алардын жер ээлигинин күчөшү менен айкалышкан.

1678-ж. жердин 67%и ак сөөк феодалдарга, анын 85% и Дворяндарга таандык болгон.

Колдонулган адабияттар түзөтүү

  • Кыргыз Совет Энциклопедиясы. Башкы редактор Б. О. Орузбаев. -Фрунзе: Кыргыз Совет Энциклопедиясынын башкы редакциясы, 1977. Том 2. В - Иридий. -672 б.