Девиация
Девиация (лат. deviation - четтөө) – кандайдыр бир органдын өөрчүшүндөгү четтөө. Эволюцияда Д. жардамы менен онтогенездин баскычтарында өзгөрүүлөр жүрөт. Мисалы, сүт эмүүчүлөрдүн азуу тиштери морфогенезинин мүнөзү боюнча Д-нын жардамы менен пайда болгон. Д. терминин 1864-ж. Ф. Мюллер сунуш кылган.
Колдонулган адабияттар
түзөтүү- Биология: Энциклопедиялык окуу куралы/Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору. -Б.:2004, ISBN 9967-14-002-4
Бул макалада башка тил бөлүмүнө шилтеме жок. Сиз аларды издеп бул макалага кошуп, долбоорго жардам берсеңиз болот.
|