Дезактивация (деконтаминация) — сырткы чөйрөдөгү объектилерден (курулуш, курал, буюм, кийим, суу, тамак продуктулары жана башка) радиоактивдүү заттарды жоготуу. Адамдын денесинен радиоактивдүү заттар санитариялык тазалоо жолу менен жок кылынат. Д. ядролук курулуштар аварияга учураганда, радиоактивдүү заттар менен иштөөдө жана ташууда коопсуздук эрежелери бузулуп, чөйрө радиоактивдүү заттар менен булганганда, согуш мезгилинде душман ядролук курал колдонгондо анын жабыркатуучу таасирин жок кылуу максатында жүргүзүлөт. Радиоактивдүү заттар таасир этүүчү өнөр жайларда иштеген жумушчулар пландуу түрдө Д-дан өтүп турат. Коргоочу объектини радиоактивдүү заттардан тазалоо — радиоактивдүү булгануудан сактоонун бирден-бир жолу. Себеби радиоактивдүү элементтин ажыроосун азырынча киши токтото да, акырындата да албайт. Ошондой эле аны микроорганизмдер сыяктуу жоготууга же химиялык заттардай нейтралдоого болбойт. Д-нын негизги максаты — радиоактивдүү заттар менен булганууну мүмкүн болушунча уруксат этилген чекке чейин төмөндөтүү. Бул максатта физикалык, химиялык, физикалык-химиялык жана биологиялык ыкмалар колдонулат. Радиоактивдүү заттар буюмдун бетине чаң түрүндө түшсө, анда физиологиялык ыкма (объектинин бетинен чаңды суу менен жууп, ар кандай аппараттар менен тазалоо) колдонулат. Д-нын физиологиялык методу натыйжа бербесе, химиялык, физикалык-химиялык ыкма колдонулат. Кийимди Д-лоонун жөнөкөй ыкмасы — кийимди күбүп-кагуу жана чаң соргучтар менен чаңын сордуруу, атайын кир кетиргич каражаттар менен жууп тазалоо. Суюктукту Д-лоо үчүн ион алмаштыргыч чайырлар, көбүктөнтүү, коагуляция, суюлтуу жана башка ыкмалар колдонулат. Булардан башка биологиялык чыпкалар да пайдаланылат. Д-нын сапаты атайын дозиметриялык жана радиометриялык аспаптардын жардамы менен текшерилет. Д. жүргүзгөн киши сактануу каражаттарын пайдаланып, Д-ны бүткөндөн кийин толук санитариялык тазалоодон өтөт.


Колдонулган адабияттар

түзөтүү
  • Кыргыз Совет Энциклопедиясынын Башкы редакциясы. «Ден соолук» Медициналык энциклопедия. - Ф.:1991, ISBN 5-89750-008-8