Дезинсекция — оору козгогучтарды таратуучу, азык-түлүк жана өсүмдүктөргө зыян келтирүүчү курт-кумурскаларды, кенелерди жок кылуу. Д. турмуш-тиричиликте чымын, таракан, кантала, бүргө, биттерди жок кылуу, ошондой эле чиркей, кене, желимчилердин чагуусунан сактануу үчүн жүргүзүлөт. Д-лык чаралар шарттуу түрдө алдын алуучу жана жок кылуучу болуп бөлүнөт.

Дезинсекция

Алдын алуучу Д-лык чаралар турак жайларды таза кармоо, эшик, терезелерди тордоо, тамак-ашты жана анын калдыктарын чымын, таракан жана кумурскалар кире албаган идиштерге салуу, өздүк гигиенаны сактоо. Ич кийим, шейшептерди өз убагында жууп, алмаштырып турса биттер пайда болбойт. Турак жайды, кброону таза кармап, такай желдетип турса ал жерге желимчи чиркейлер топтолбойт, майда көлмө, арыктарды тазалап, коо, аңды чөөттөрдү көөмп салса, чиркейлер азаят. Жок кылуучу чараларга физикалык, химиялык жана биологиялык жол колдонулат. Физ. жолдорго кийим, төшөнчү, килем, терезе жапкычтарды күбүп,' кагуу, чаң соргучтар менен чаңын сордуруу, чымын, таракан кармагычтар, ысык утюг, лампа, кайнак суу жана башка пайдалануу кирет. Хим.жол менен жоготууда химиялык каражат катары гексахлоран, ДДТ дихлорпинен, хлорофос, карбофос жана башка өсүмдүк инсектициддери — пиретрум жана башка колдонулат. Алар эритме, күкүм, аэрозол түрүндө болот. Биол. жолдо Д. үчүн курт-кумурска менен кенелердин оору козгогучтары же алардын табигый душмандары пайдаланылат. Анын аткарылышы татаал болгондуктан азырынча тиричиликте кеңири таралган эмес.

Колдонулган адабияттар түзөтүү

  • Кыргыз Совет Энциклопедиясынын Башкы редакциясы. «Ден соолук» Медициналык энциклопедия. - Ф.:1991, ISBN 5-89750-008-8