Дезодорация — жагымсыз жыттарды жок кылуу. Жагымсыз жыттар ар кандай таштандылар, киши жана жаныбарлар бөлүп чыгарган заттар, тамак-аш азыктары жана башка чирип ажыраганда пайда болот. Жагымсыз жыттар жылчыксыз жабылган жана начар желдетилген имараттарда болот. Кээ бир өнөр Жай ишканаларында (айрыкча тери, химиялык өнөр жайларда) өзгөчө жыттар байкалат. Имарат ж.б. объектилерди пайдалануунун санитариялык эрежелерин бузганда, коммуналыктиричилик объектилерин кир кармаганда, чала желдеткенде, өздүк гигиенаны сактабаганда жагымсыз жыттар пайда болот. Жагымсыз жытты болтурбоо үчүн азык-түлүктү туура сактоо, таштанды жана булганычтарды убагында жок кылуу, даараткана, таштанды түтүгүн туура санитариялык нормада колдонуу, турак жайларды, ишкана имараттарын таза кармоо, жеткиликтүү желдетүү, өздүк гигиенаны сактоо керек. Жаман жыттанган таштандыны алып чыгуу кыйынчылыкка турса (транспорт жок болуп), желдетүүгө, жууп салууга мүмкүнчүлүк болбосо Д-нын химиялык жана физиологиялык жолдору колдонулат. Анда чириген массанын үстүнө 8—10 см калыңдыкта топурак, кум, чым көң же хлордуу акиташ ташталат. Хлордуу акиташ чириткич микробдорду өлтүрүүчү касиетке ээ. Бул Д-лык каражат 20%түү эритме түрүндө колдонулат. Үй шартында даараткана, ваннаны Д-лоо үчүн марганцовканын 0,5—-1,0% түү эритмесин жана суутек өтө кычкылын колдонсо болот. Адамдын денесинин, оозунун жана бутунун жагымсыз жыттарын (тердин жыты, шыбоо, колоңсо жана башка) жоготуу максатында атайын чаралар көрүлөт. К. Ооздун жыты, Терчилдик.

Колдонулган адабияттар түзөтүү

  • Кыргыз Совет Энциклопедиясынын Башкы редакциясы. «Ден соолук» Медициналык энциклопедия. - Ф.:1991, ISBN 5-89750-008-8