Декан (химиялык элемент)
Декан, С10Н22 (н. декан) – каныккан углеводород, мол. масс. 142,29; түссүз суюктук, эрүү t -29,67; кайноо t 173о; d204 0,729; n20Д1,412 Фенол (163о, 65 %), гликоль (1610, 74 %) ж.б менен азеотроптук аралашма пайда кылат. Д. нефтиде кездешет. Бромдуу амилден Вюрц реакциясы б-ча синтездөөгө болот. Сапропелит чайырын буулантып айдоо, СО менен Н2 синтезделинип алынат. Д. көбүнчө дизель күйүүчү майына кошумча май жана хим. реактив катарында колдонулат.
Колдонулган адабияттар
түзөтүү- Химия: Энциклопедиялык окуу куралы/Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2004. - 422 б. ISBN 9967-14-021-6
Бул макалада башка тил бөлүмүнө шилтеме жок. Сиз аларды издеп бул макалага кошуп, долбоорго жардам берсеңиз болот.
|