Декорация (латын тилинен decoro - кооздойм) – спектаклде окуя өтө турган шартты түзүү жана анын идеялык маанисин, мазмунун толуктоо максатында сахнаны жасалгалоо. Декорация живопистин, графиканын, архитектуранын, окуя өтүүчү орунду пландоо чеберчилигинин, жарык берүүнүн, сахна техникасынын, кинопроекциянын жана башка көркөмдөө каражаттарынын жардамы менен түзүлөт.

Колдонулган адабияттар түзөтүү

  • “Кыргызстан”. Улуттук энциклопедия: 1-том. Башкы ред. Асанов Ү. А., Б.: Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2006. ISBN 9967—14—046—1