Демаркация (фр. dtmarcation – чек коюу, ажыратуу) – чектеш мамлекеттердин ортосундагы келишимдин негизинде мамлекеттик чек араларды аныктоо жана өзгөчө чек ара белгилери менен белгилөө. Демаркация иштерин жүргүзүүдө 1:50 000 же ири масштабдагы, калк сейрек жайгашкан бөлүктөрүндө орто масштабдагы карталар колдонулат. Демаркациялык карталарда чек ара сызыгынын орду тагыраак берилип, чек ара чекити менен бирге чек ара белгилери, мамылардын орду, ошондой эле алардын геодезиялык ыкмалар аркылуу байланыштырылып койгон жер бетиндеги туруктуу объектилеринин орду да көрсөтүлөт. Туруктуу объектилер катары тоо чокулары, геодезиялык белгилер, координаталары так аныкталган жерлер кабыл алынат. Кийинки мезгилдерде демаркациялык документтерге карталар менен бирге чек ара тилкесинин аэрокосмостук сүрөтү да тиркелүүдө.

Колдонулган адабияттар түзөтүү

“Кыргызстан”. Улуттук энциклопедия: 1-том. Башкы ред. Асанов Ү. А., Б.: Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2006. ISBN 9967—14— 046—1