Демократтык режим – саясий режимдин бир түрү. Ага бийликтин бөлүнүшү жана легитимдүүлүгү, саясий плюрализм, негизги адам укуктарынын жана эркиндиктеринин сакталышы мүнөздүү.

Демократтык коомдо өкүлчүлүк демократия дайыма тикелей демократиядан кийин турат. Коомчулуктун ою дайыма изилденет жана эске алынат. Мамлекеттик бийликтин өкүлчүлүк органдары жана жергиликтүү өзүн-өзү башкаруу эл тарабынан жалпыга бирдей түз шайлоолордо жашыруун добуш берүү жолу менен шайланат. Шайлоолор саясий партиялардын атаандаштыгынын башкы майданына айланат. Өкүлчүлүк органдары тарабынан колдоо болгондо гана тигил же бул партия өз саясатын жүргүзүү мүмкүнчүлүгүнө ээ болот.

Демократтык режим учурунда мыйзам чыгаруучу бийлик, аткаруучу бийлик жана сот бийлиги биринен-бири бөлүнүп турат. Мамлекеттик бийликтин тигил же бул бутагы өзүнө көп ыйгарым укукту топтоп албашы үчүн Ж.Мэдисондун кармап туруу жана тең салмактуулук принциби өкүм сүрөт. Адам укугу жана эркиндиги эң жогорку баалуулук катары каралып, аларды кепилдикке алуу – мамлекеттин башкы социалдык-саясий функциясына айланат. Демократтык режимде жалпыга бирдей белгилеринен тышкары ар бир өлкөнүн өзүнүн тарыхый, экономикалык, саясий шарттарына жана себептерине жараша улуттук өзгөчө белгилерге ээ болушу да мүмкүн.




Колдонулган адабияттар түзөтүү

  • Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору. Саясат таануу (энциклопедиялык окуу куралы).-Б.: 2004,ISBN 9967-14-020-8