Дөң-Булак
(«Ден-Булак, Өзгөн району» барагынан багытталды)
Дөң-Булак (кырг. Дөң-Булак) — Кыргыз Республикасынын Ош облусунун Өзгөн районундагы айыл. Дөң-Булак айыл округу составына кирет.
Отурукташкан жай
Дөң-Булак
|
Жазы суусунун сол жээгинде, деңиз деңгээлинен 1015 м бийикте жайгашкан. Райондун борбору Өзгөн шаарынан 4 км Түштүк-чыгыш тарапта. Кара-Суу темир жол бекетинен 50 км. Кыштак 1930-ж. орношкон. Калкы 1287 (2007); негизинен дыйканчылыкта эмгектенет. Негизги мектеп, ФАП бар. Кыштакта Социалистик Эмгектин Баатыры Ш. Санжаров туулган.
Калкы
түзөтүүКалкы - 1 399 киши.[1]
Булактар
түзөтүү- ↑ 1.0 1.1 2009 Population and Housing Census (орусча). The National Statistical Committee of the Kyrgyz Republic (2010). Текшерилген күнү 12 -ноябрь (жетинин айы) 2013. Түп булактан архивделген күнү 10 -август (баш оона) 2011.
Колдонулган адабияттар
түзөтүү- “Кыргызстан”. Улуттук энциклопедия: 1-том. Башкы ред. Асанов Ү. А., Б.: Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2006. ISBN 9967—14—046—1