Убакыт алкагы

Убакыт аралыгы‎»‎ барагынан багытталды)

Убакыт алкагынын эки негизги түшүнүктөрү бар:

  • Географиялык убакыт алканы — жердин бетинин туурасы 15°ка туура келген шарттуу тилкеси (ортолук меридианга караганда ± 7,5°ка)

Гринвич меридианы - убакыт алкагынын орточо нөлдүк меридианы болуп эсептелинет.

  • Административдик убакыт алкагы — атайын бир мыйзамдарга ылайык белгилүү бир убакыт бекитилген жер бетинин аймактары. Бул түшүнүккө дагы датанын дал келиши деген түшүнүк да кирет. Мында, эгер, UTC−10:00 жана UTC+14:00 убакыт аралыктары аларда күндүн бирдей убактысы болгондугуна карабай ар кандай деп эсептелинет.
    Убакыт алкагы

Убакыт алкактарынын түзүлүүсү бир жагынан Жердин өз огунда айланышын эске алуу менен, экинчи жагынан аймактардын жергиликтүү бирдей күн убактын айырмалары бир саатка калдыксыз бөлүнгөндөй кылып аныктоосу менен байланыштуу. Жыйынтыгында 24 административдик убакыт алкактары болуусу жана алардын ар бири географиялык убакыт алкактарына аздыр-көптүр дал келиши керек деп чечилген.

Эсептөө чекити болуп Гринвич меридианы алынган. Себеби ал нөлдүк меридиан, нөлдүк убакыт аралыгынын ортосу.

Азыркы кезде убакыт координацияланган дүйнөлүк убакыт боюнча орнотулат (UTC), ал убакыт Гринвич убакытынын ордуна киргизилген (GMT).

UTC шкаласы атом убактысынын бирдей калыпта орнотулган убакытка (TAI) жана таянат, жөнөкөй адамдарга колдонууга ылайыкташтырылган. Убакыт алкактары Жер шарынын оң (чыгышка карай) жана терс (батышка карай) деп нөлдүк меридианга карата түшүндүрүлөт. Жайкы убакытка которгон аймактарга UTCтин жайкы убакытка которулбайт.

Убакыттын чектөөнүн себептери түзөтүү

Азыркы убакыт алкагынын заманбап системасынын негизин дүйнөлүк убакытты координциалоо болуп эсептелинет. Андан баардык алкактардын убактысы түзүлгөн. Жердин узактыгынын ар бир градусуна (же мүнөтүнө) карай бөлбөө үчүн Жер бети 24 убакыт алкагына бөлүнгөн. Бир алкактан экинчи алкакка өтүүдө мүнөт жана секунда өзгөрүлбөйт, болгону сааттын мааниси өзгөрөт. Бүткүл дүйнөлдүк убакыттан сааттары гана айырмаланбастан, мүнөттүк көрсөткүчү да 30 же 45 мүнөткө өзгөргөн өлкөлөр бар.

Жайкы убакыт түзөтүү

Жайкы убакытка дүйнөнүн бир катар өлкөлөрү колдонуп келет. Ага өтүүдө өздүк убакыттын дүйнөлүк убакытка карата өзгөрүлөт. Жана дагы жайкы убакытка өтүү жана кайра аны өзгөртүү баардык эле жерде бир убакытта жүрө бербейт. Эгерде түштүк жарым шарда жай болсо, түндүк жарым шарда кыш, жана тескерисинче болот.

Декреттик убакыт түзөтүү

Декреттик убакытСССРде 19301931-жылдары киргизилген убакытты «алкактык убакытка дагы бир саат» деген система боюнча эсептөө тартиби.

Ар кайсы өлкөлөрдөгү убакыт алкактары түзөтүү

Кээ бир өлкөлөрдүн аймагында бир нече убакыт алкактары бар. Ал эми деңиздеги, океандагы ээликтери менен кошо кандайдыр бир өлкөлөр да бир нече убакыт алкактарына кирет:

Көпчүлүк өлкөлөр (Улуу Британия жана Франция дагы, деңиздеги ээликтеин кошпогондо) бир эле аралыкта жайгашкан. Кээ бир мамлекеттер узун жана чоң болгону менен, бир гана убакыт алкагын колдонушат. Мисалы Кытай беш географиялык алкакта жайгашканы менен, бирдиктүү Кытай убактысы менен.

Кээ бир өлкөлөрдүн аймагындагы административдик-аймактык бирдиктер эки же андан көп убакыт алкактарын колдонушат. Мисалы, Орусиядагы Якутия жана Канададагы Нунавут аймагы үч убакыт алкагын колдонушат.

Бир нече убакыт алкагы бар өлкөлөрдүн тизмеси түзөтүү

Өлкө Убакыт алкактарынын

саны

Эң батыштык

убакыт алкагы

Эң чыгыштык

убакыт алкагы

Жайкы убакытка өтүү
  Бразилия 3 UTC−4 UTC−2 Көпчүлүк бөлүгүндө алынып алынган
  Улуу Британия 8 UTC−8 UTC
Калып:Өлкө желеги/Гренландия 4, жайында 3 UTC-4 UTC Көпчүлүк бөлүгүндө колдонулат
Дания 5 UTC-4 UTC+1
  Конго Демократиялык Республикасы 2 UTC+1 UTC+2 Эч качан болгон эмес
Индонезия 3 UTC+7 UTC+9 Эч качан болгон эмес
  Испания 2 UTC UTC+1
  Казакстан 2 UTC+5 UTC+6 Алынып салынган
  Канада 6 UTC−8 UTC−3:30 Көпчүлүк бөлүгүндө колдонулат
  Кирибати 3 UTC+12 UTC+14 Эч качан болгон эмес
  Мексика 4 UTC−8 UTC−5 Көпчүлүк бөлүгүндө колдонулат
  Микронезия Федеративдик Штаттары 2 UTC+10 UTC+11 Эч качан болгон эмес
  Монголия 2 UTC+7 UTC+8 Колдонулат
  Нидерланддар 2 UTC-4 UTC+1
  Жаңы Зеландия 2 UTC+12 UTC+12:45 Колдонулат
  Португалия 2 UTC-1 UTC
  Орусия 11 UTC+2 UTC+12 Алынып салынган
  АКШ 6 UTC-10 UTC-5 Көпчүлүк бөлүгүндө колдонулат
  Украина 2, жайында 1 UTC+2 UTC+3 Көпчүлүк бөлүгүндө колдонулат
  Франция 12 UTC-10 UTC+12
  Чили 2 UTC-5 UTC-3 Алынып салынган
  Эквадор 2 UTC-6 UTC-5

Убакыт алкагынын тизмеси түзөтүү

Порт-Морсби) (Kilo)

Кашаанын ичинде убакыт зоналарынын аббревиациясы көрсөтүлгөн