Депкир — ашкана буюму. Боорсок бышырууда, сорпонун чий көбүгүн алууда, чөбөгө сызгырууда, шак, курут, шакар кайнатууда, аларды аралаштырууда жана сүзүүдө пайдаланылат. Ал темирден жасалып, башы тегерек (диаметри 15-20 см) келип, бети калбырланат да, узундугу 40-45 см жумуру же жалпак темир сабы болот. Сабынын кармалчу учуна жыгач же мүйүз бекитилип, илип коюш үчүн чагаракталат. Депкир айрым жерде кепкир деп да аталат.

Депкир

Колдонулган адабияттар түзөтүү

  • “Кыргызстан”. Улуттук энциклопедия: 3-том. Башкы ред. Асанов Ү. А., Б.: Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2011. ISBN 978–9967–14–074–5