Боорсок
Боорсок — кыргыздын улуттук нандарынын бири. Боорсок көбүнчө тойлордо, майрамдарда, аштарда бышырылат.
Боорсок
| |
Тамактын улуттук ашканасы: | |
---|---|
Кыргыз ашканасы | |
Курамы | |
Негизги курамы: |
Ун, Жумуртка, май и камыр |
Bagirsaq |
Боорсоктун кеңири тараган түрү – чарчы боорсок. Жумшак жуурулуп, ачытылган камырдан чактап үзүп алып, жукартып жаят (калыңдыгы 0,5 сантиметрдей), узатасынан тилет (туурасы 3-4 сантиметрдей). Ар бир тилимди кыйгачынан чарчылап кесет, казандагы кайнап жаткан майга аз-аздан салып, депкир менен аралаштырып кызарта бышырат. Бышкан боорсокту сүзүп алып, майын сарыктырып, идишке салат. Тоборсутуш үчүн дасторкондун бетине бир азга жайып коёт.
Чий боорсок үчүн камырга май, кумшекер кошуп, катуу жуурат. Камыр ачыганда абдан ийлейт, чактап үзүп алып, жукартып жаят, чыпалактын жоондугундай кылып узунунан тилет, андан кийин бурап-бурап туруп кесет. Бышкан чий боорсоктун жоондугу бармактай, узундугу 4—5 сантиметрдей болот. Мурда бул боорсокту чийдин бетине тоголотуп, чийдин изин түшүрүп жасашкан. Ушундан улам чий боорсок деп аталган.
Көөкөрдүн түспөлүндө бышырылган боорсок көөкөр деп аталат. Көөкөр көбүнчө балдардын туулган күнүнө же башка шаан-шөкөттөргө арналып жасалат. Көөкөрдүн камыры май, кант кошулган сүткө жуурулат, башка боорсоктор сыяктуу эле бышырылат.
Бал боорсок. Катуу ийленген камырды 2 миллиметр калыңдыкта жайып, 1—1,5 сантиметрден узата тилип, аларды туурасынан чийдей жоондукта кесип чыгат. Казандагы кызыган майга бышырат. Бал менен кумшекерди кайнатат. Бышкан боорсокту кенен идишке салып, кайнаган балды куюп, тынымсыз аралаштырат. Муздак сууга чайкалган подноско даяр болгон бал боорсокту салып, түрдүү формага (тегерек, сүйрү, пирамида) келтирет, мейиз менен кооздолот. Бал боорсок тарелкаларга салынып чай менен берилет.
Ширин боорсок. Камыры суюк ачыткы менен ачытылат. Даяр камырды диаметри 2 сантиметрден бурап толгоп, 2 сантиметр узундукта кесип чыгат. 20 минута тыныктыргандан кийин ысык майга үзгүлтүксүз аралаштыруу менен бышырат. Тарелкаларга салып чай менен берилет.
Шилтеме
түзөтүү- «Эл таануу» китеби.