Десюдепорт (французча  dessus-de-por-te – жогорку, жогору жагы жана por-te – эшик; «дэсюдэпорт» деп окулат) – кооздук үчүн эшиктин үстүндө жайгаштырылган жана жалпы эле дубалды жасалгалоочу элемент катары пайдаланылган живопистик же скульптуралык композиция. Д. XVIII кылымда француз жасалгалоо өнөрүндө кеңири колдонулган.

Колдонулган адабияттар түзөтүү