Детрит (лат. detritus – жышылган) – суунун калың катмарында калкып же суунун түбүнө чөккөн майда орг. бөлүкчөлөр (заттар, козу карындардын, өсүмдүктөр жана жаныбар калдыктары). Д. орг. заттардын айланышында маанилүү роль ойнойт жана көпчүлүк суу түбүндө жашоочу жаныбарларга азык. Кээде суунун калың катмарында калкып жүрүүчү орг. жана орг. эмес заттар Д. деп аталат.

Колдонулган адабияттар түзөтүү