Деформация (искусстводо)

Деформация (латынча deformatio – бузулган) – 1. көркөм сүрөт искусствосунда көзгө көрүнгөн образдык табигый формалардан четтөөсү. Ар кандай түрүн өзгөртүүлөр көзгө көрүнгөн формаларды, кайра түзүүлөрдү ар кандай мезгилдерде элдердин көркөм өнөрлөрүнөн көрөбүз. Алар көз менен көрүп кабылдоо өзгөчөлүктөрүнө, техника менен стилге жана ошондой эле канон талаптарына, сүрөтчүнү жеке көрө билүү туюмуна жана алдына койгон милдеттеринин чечилиш спецификасына байланыштуу болушу мүмкүн. XIX к. аягынан баштап Европа көркөм искусствосунда Д. социалдык жана кесиптик чөйрөдөгү ой жүгүртүүлөр менен сүрөткердин көз карашына шартталган, аң-сезимдүү түрдө ырааттуу колдонулган көркөм ыкма болуп калды. Фовисттер, кубисттер, экспрессионисттер, сюрреалисттер живописиндеги Д. мына ушундай. Мындан сырткары, Д. оптикалык оңдоо (коррекция) катары пластикалык көркөм искусстводо колдонулат. Мында табигый формада нормалдуу көз менен көрүп кабылдоодо ката болуп калчу, бузулуп бурмаланган көрүнүштөр «оңдолот». 2. Стихиялык кырсык, сырткы жагымсыз шарттардын же зыяндуу, билбестик менен жасалган таасирлердин негизинде көркөм чыгарманын жарым-жартылай, толук эмес бузулушу.

Колдонулган адабияттар түзөтүү