Деште-лутИран тайпак тоосунун борбордук бөлүгүндөгү чөл. Ирандын чыгышында. Узундугу 550 км, туурасы 100–200 км. Туташ тоолор (бийиктиги 1000–2000 м) менен бөлүнгөн бир нече жазы өрөөндөн турат. Чополуу жана шагылдуу чөл, шор жерлер, такырлар мүнөздүү. Чет жакасында оазистер сейрек кездешет.

Деште-лут.
Деште-лут.

Деште-Лут же лут чѳлу Ирандын түштүк-чыгышындагы чѳл. Бул чѳл ирандын түштүк-чыгышында 40 миӊ км2 аянтты ээлеп Керман, Систан жана Белучстан, Түштүк Хорасан провинцияларынын бѳлүгүнүн ортосунда жайгашкан жана 175 км аянты менен, болжолдуу түрдѳ Ирандын аянтынын 10 пайызын түзѳт. Лут чөлү дүйнѳдөгү чөлдөрдөн 27 чоӊ чѳлү болуп эсептелет.

Деште-Лут дүнүйѳнүн эӊ ысык жана кургак ѳрѳѳнүнѳ кирет. Ал 2004, 2005, 2006, 2007 жана 2009-жылдары жер планетасынын эӊ ысык чѳлкѳмү катары эсептелген, ѳзгѳчѳ 2005-жылы температуранын ысыктыгы 70.7 градус цельсий катталган. Окумуштуулар аймактын абасынын ысыктыгынын далили катары чѳлдүн деӊгээлинин кара түсү жана кургакчылдыгы деп билишкен, ага күндүн ысыктыгын сиӊирип алуусу негизги себеп.

Деште-Лут түндүк-батыштан түштүк чыгышты кѳздѳй уланат. Узундугу болжол менен 320 км (200 миль) жана туурасы болжол менен 160 км (100 миль).

Лут сѳзүнүн мааниси - эч нерсе өспөгөн такыр дегенди билдирет. Чѳл - ѳсүмдүк өсүүгө шарты катаал аймактардагы нымдын (кургакчыл чөл) же жылуулуктун жетишсиздигинен (суук чөл) пайда болгон ландшафттын түрү, бирок бул чѳлдүн ички эӊ тѳмѳнкү аймагы Кавир (туздуу) деп аталат (туздун ѳлчѳмү кѳп жерди кавир дейт). Лут дүйнѳнүн каттоо тизмесинде, ЮНЕСКОдо “Лут чѳлү” деп катталган, Лут жарым чѳл эмес, Деште Лут толук чѳл болуп эсептелинет, бирок анын кичинекей бир бѳлүгү жарым чѳлдү түзѳт. Географиялык жазууларда Лут кээ бир жерлерде “Лут чуӊкуру”, “Деште Лут”, жалпысынан кээ бир негиздер менен Деште Кавирге окшош болгондуктан Кавире Лут деп да атап келишет. Деште Лут  кумдуу жана шагылдуу келет. Деште Лутта бир канча агымдуу тешиктер жана жерлер бар. Деште Луттун чѳлдүү аймактарында негизинен ошол жерлер, тешиктердин  ичинде же тегерегинде мезгилдүү жана кыска мѳѳнѳттүү агымдар байкалып турат. Толугунан алганда чѳлдүн кѳлѳмү кумдуу жана шагылдуу аймактарга салыштырмалуу ѳтѳ чоӊ эмес, б.а. табиятка кандайдыр бир маанилуу таасир тийгизе албайт. Деште Лут чындыгында Деште кавирдин карама-каршылыгында турат жана кѳбүнчѳ бѳлүгүн ѳзүнѳ камтыйт, ошондуктан география изилдѳѳчүлѳрүнүн айтымында, аны жалгыз гана Кавире Лут деп айтуу туура эмес, деште Лут же Лут чѳлү деп айтууга болот.

Дүйнѳнүн метеорологиялык изилдѳѳлѳрүрүнѳ ылайык эӊ жогорку ысыктык Ливиянын метеорологиялык станциясында Африкада катталган, абанын ысыктыгы 1992-жылы 13-сентябрда жогорку станцияда 58 градус цельсийди түзгѳн. Ага чейинки дүйнѳдѳгү эӊ ысык жер рекорду Калифорниянын ѳлүм каньенунда 1913-жылы 56.7 градус цельсий катталган.

Жердин эӊ ысык чѳлкѳмүн спутник сүрѳттѳрү аркылуу изилдѳѳдѳ НАСА аркылуу 2003-жылдан 2009-жылга чейин Лут чѳлү  2004, 2005, 2006, 2007 жан 2009-жылдары дүйнѳнүн эӊ ысык чѳлкѳмү катары катталып келген, 2005-жылы абанын ысыктыгы 70.7 градус цельсийди түзүп, дүйнѳдѳ жаӊы рекорд жараткан. Бул 1992-жылы Ливияда катталган ысыктыктан 12 градус цельсийге кѳбүрѳѳк. Айта кетсек, жер планетасынын эӊ ысык жерлери алмашып турат. Мисалы: 2003-жылы Австралиянын Квисленд жери абанын ысыктыгы 69.3 градус цельсий менен катталган, ал НАСАнын изидѳѳ учурунда Лут чѳлүнѳн кийин экинчи орунда турат. Ошондой эле кээ бир маалда абанын жер үстүндѳгү ысыктыгы ошол жердин абадагы ысыктыгынан да бир канча ысыгыраак болуп турат. 1915-жылы окумуштуулар “Абанын жана жер кыртышынын үстүнкү температурасынын айырмачылыгы” аттуу изилдөөлөрүндө ѳлүм каньенун изилдеп, жер кыртышынын 0.4 см топурак алдындагы ысыктыгы 71.5 градус цельсийди түзгѳндүгүн аныкташкан. Ошол эле учурда ошол жердин абанын 120 см бийиктиктеги ысыктыгы 42.5 градус цельсийди түзгѳн.

Бир канча чет элдик жана Ирандын басма сѳз маалыматтарына ылайык Парвиз Кардиванинин айтымында Гандум буриан аймагы (80 км Шахдаддын түндүгүндѳ) Луттун жана дүйнѳнүн эӊ ысык аймагы катары эсептелет. Андан соӊ Луттун борбордук тешигин,  Гандум буриан аймагынан да ысык деп жарыялаган.

Деште Луттун жалпы мүнѳздѳмѳсү жана жайгашкан аймагы түзөтүү

  • Деште Лут Түштүк Хорасан, Систан жана Белучистан, Керман провинцияларынын ортосун чектѳѳчү аймак
  • Деште Лут, чыгыш жана батыш кесилишинин ортосунда жайгашкан
  • Түндүк чеги 32 градус жана Түштүк чеги орбитадан 28 градуста
  • Деште Луттун суу алчу тешигинин чоӊдугу болжолдуу 175 миӊ км2 (ѳлкѳнүн ондон бир бѳлүгүн түзѳт)
  • Түндүктѳн түштүкѳ карай узундугу 900 км, ал эми чыгыштан батышка карай 300 км.
  • Чѳлдүн тѳмѳнкү аймагы дарыя деӊгээлинен 190 метр ылдый турат
  • Деште Лут эӊ чоӊ жер титирѳѳлѳрдүн орду болгон
  • Тоо жээктеринин алдынан б.з.ч. тѳртүнчү миӊ жылдыктагы адам издери табылган
  • Сирч ѳрѳѳнү  жана адам жашаган жери чѳлдүн эӊ кооз аймагы катары таанымал

Деште Лут аймагынын ажайып кѳрүнүштөрү түзөтүү

Деште Лут дүйнѳнүн таӊ калаарлык жер бѳлүгүнүн бири, кѳз кырын алган кѳрүнүштѳрү тѳмѳндѳгүчѳ:

  • Дүйнѳнүн эӊ чоӊ ярдангдары (жар сымал чѳлдѳгү кырка бийиктиктер). Ярданг аймагы байыртадан бери бузулган шаар сымал сакталып келет жана аны ар кыл түрдѳ  сүрѳттѳп айтып келет: кыялдагы шаар же Лут шаары.
  • Дүйнѳдѳгү эӊ бийик кумдуу аска Лутта жайгашкан. Дүйнѳдѳгү эӊ бийик кумдуу аскалардын бийиктиги 300 метрди түзсѳ, Луттагы аскалар 480 метрге чейин жетет.
  • Деште Лутта кыркка жакын жанар конустары бар.
  • Чѳлдѳгү кумдун ѳӊү: ачык боз, күрѳӊ жана кара түстѳ.
  • Толкундуу кумдуу аймактар
  • Кумдуу дѳбѳдѳгү ѳсүмдүктѳрдүн болушу, топурак, суу жана ѳсүмдүктүн жакын жашашынын таӊ калаарлык кѳрүнүшү. Ал ѳсүмдүктѳрдү чѳлдүн бакчасы деп да аташат.

Географиялык бѳлүмдѳр түзөтүү

Деште Лут үч географиялык бѳлүктѳн турат:

  •   Түндүк Лут кум, шагыл элементтеринен жана түштүк чеги үзгүлтүктүү кесиндерден түзүлѳт. Кумдар алыстан, жайылган дасторкондой көрүнөт.
  •  Борбордук Лут чѳлдүн эӊ таӊ калаарлык бѳлүгү. Борбордук Луттун чыгыш тарабында кумдуу дѳӊ жана дѳӊчѳлѳр жайгашкан. Алардын туурасы орточо эсеп менен 52 км жана узундугу 162 кмге чейин жетет.
  • Борбордук Луттун батыш тарабы такыр болсо, дѳӊчѳлѳр жагы ѳсүмдүктүргѳ бай келет.

Борбордук Лут геоморфологиялык негизде (батыштан чыгышты кѳздѳй) үч негизги бѳлүкѳ бѳлүнѳт.

  • Деште Сар (Pediment)= туурасы 5 кмден 10 кмге чейинки аралыкта үстүнкү катмары кум, суу топтомолор жана туз менен капталган.
  • Ярдангдар Негизги жазылыш Ярданг (аска)

Ярдангдар (фарсча Клут) шамал менен суунун эрозиясынын натыйжасында эбегейсиз чоӊ аӊдар пайда болгону, дүйнѳдѳгү кереметтүү кѳрүнүш катары бааланат.

Ярдангдар аймагы Шехдад шаарынан 43 км алыс аралыкта жайгашкан жана болжол менен туурасы 80 км жана узундугу орточо эсеп менен 145 км түзѳт.

120 күндүк Систан шамалы Ярдангдын эрозиясын туюндуруп турат.

Ярдангдардын аралыгында кумдуу шамал согуп турат, ал эми кумду шамал жок жеринде үстүнкү катмар чополуу келет.

Кумду дѳбѳчѳлѳр борбордук Луттун чыгыш тарабында туурасы 50 км жана узундугу 100 км аралык аймакты ээлеп турат. Кээ бир кумдуу дѳбѳчѳлѳрдүн бийиктиги 500 метрге чейин жетет. Кумдуу бодурлар Бархан (Barkhan), кум пирамидалары жана дѳбѳчѳлѳр катары каралат.

  • Түштүк Лут ѳсүмдүктѳргѳ бай.

Осүмдүктөр түзөтүү

 
Деште-лут.

Шахдад шаарынан 20 км аралыкта, дарактар жана Газ дарактары Лут чѳл бакчасынан орун алган жана ал Набкха (Nabkha) деп аталат.

Набкха кумдун үстүнѳ ѳсүп чыгып, негизинен кум ѳлчѳмү орточо жана суу деӊгээли жердин астында кенен, ным жетишээрлик жерлерде ѳсѳт.

Набкха ѳсүмдүгүнүн ѳлчѳмү, тыгыздыгы жана ѳсүшү бадал, тамарикс жана башка чѳл гүлдѳрүнѳ окшош болот. Набкха гүлүнүн бийиктиги бир канча метрге чейин жетет жана туурасына карай 1 метрден 10 метрге чейин жайылат.

Эскерте кетсек, жеке ѳсүмдүктѳр кумдун үстүнѳн орун алып, аларды контролдоо үчүн 10 смден 15 смге чейин ѳсүшү абзел. Эгер кум нымдуу болбосо, башкача айтканда анын элементтеринде чопо болбосо анын кѳлѳмү шамаалдын ѳзгѳрүлүшүнѳ жана ылдамдыгына карай ѳзгѳрүлѳт. Жамгырдын кѳбѳйүшү менен Набкха ѳсүмдүктүрүнүн ѳсүшүнѳ жакшы шарт түзүлѳт, эгерде жер катмарында нымдуулуктун деӊгээли тѳмѳндѳп кеткен болсо, тамырларына суу жетпей Набкха ѳсүмдүгүнүн куурашына жана акыр аягы жок болушуна алып келет.

Набкха ѳсүмдүктѳрү канчалаган жылдар бою жер астындагы суулардын, нымдуулуктун деӊгээлин жана шамаалдын согуу ылдамдыгына, негизинен чѳлдүн атмосфералык жана экосфералык жашоосунда эбегейсиз ролду ойнойт.

Rebdou чоӊдугу жагынан Набкхадан айырмаланып турат. Анын узундугу 2 метрден 7 метрге чейин созулса туурасы 1 метрден 5 метрге чейин жетет. Андан сырткары Накхага караганда чырмалышып ѳсѳт. Эӊ узун Rebdou Батыш Лутта 12 метрге чейин кездешет.

Археологиялык казуу иштери түзөтүү

 

Тегеран университетинин география институту 1967-жылдан тарта Деште Лутту изилдеп келүүдѳ. Изилдѳѳлѳрдүн натыйжасында керамика, металл жана таштардын бир канча үлгүлѳрү катталган, тилеке каршы археологдордун жетишсиздигинен, изилдѳѳ иштеринде аймактын толук потенциалын колдонулбай келет. 1968-жылы Деште Лутту изилдѳѳ тобу археологиялык уюм менен чогу иш алып барууда бир канча карапалар табылган жана дѳбѳчѳлѳрдү, ярдангдарды казуу иштеринде биздин тарыхка чейинки буюмдар табылган.

Буюмдар жана мүрзѳлѳрдүн ачылышы түзөтүү

 Шахдад шаарынан 7 км аралыкта, 10 күндүк изидѳѳлѳрдүн натыйжасында биздин доорго чейинки үчүнчү миӊ жылдыка таандык буюмдар жана тѳртүнчү миӊ жылдыка таандык кызыл түстѳгү декордук кооздолор менен тартылган чопо буюмдары табылган. Алардын жасалышы ѳлчѳмү Белучстан жана Керманда табылган буюмдар менен толук окшоштугу бар. Ошондой эле чопо идиштеринде кылдаттык менен 3  кызыл ѳӊ түшүрүлүп, канат жайган бүркүттүн түспѳлү кооздолуп тартылган. Мындай  идиштер Иран менен Пакистандын чек аралаш аймактарында археологиялык изилдѳѳлѳрдѳ табылган.

Таш идиштери түзөтүү

 Аймактагы мүрзѳлѳрдүн биринен мрамор жана боз түстѳгү аки таштары табылган. Мрамордон жасалган идиштер биздин доорго чейинки үчүнчү миӊ жылдыкка таандык. Андан сырткары бул аймактан металлдан жасалган бир канча түстѳгү идиштер алынган.

Кавире Хур түзөтүү

Кавире Хур же Кур жана Биабанактын (Борбордук район) туздуу дарыячасы Деште Луттун Исфахан тараптагы бийиктикте жайгашкан кеӊири аймак. Жай мезгилдеринде суунун бууланышынын натыйжасында туздар жер үстүнѳ кѳтѳрүлүп чыгат да аймак түндүк уюл сымал элес калтырат.

ЮНЕСКОнун Бүткүл дүйнөлүк мурастар тизмесине катталуусу түзөтүү

Бүткүл дүйнѳлүк мурастар тизмесинин Станбул шаарында ѳткѳн 40- жыйынына чейин Ирандын 19 эмгеги дүйнѳлүк мурастар тизмесинде катталган жана анын баардыгы Иран маданий эмгектери болгон, Иран ага чейин эч бир табигый эмгектерин каттаган эмес. Ошол жыйында Лут чѳлү биринчи ирандын табигый эмгеги катары дүйнѳлүк мурастар уюмунда катталган. Лут чѳлү уникалдуулук ѳзгѳчѳлүктѳргѳ ээ, тѳмѳнкүлѳр дүйнѳлүк мурас уюмуна катталган:

  •  Дүйнѳдүгү эӊ бийик янгарлар
  •  Дүйнѳдүгү эӊ узун янгарлар
  •  Дүйнѳнүн үӊ ысык аймагы 70.7 градус катталган
  •  Дүйнѳдүгү эӊ бийик кумдуу дѳӊчѳ Луттун чыгыш тарабында жыйгашкан
  •  Дүйнѳдѳгү эӊ бийик набкха ѳсүмдүгү (чѳл ѳсүмдүктѳрү) узундугу 12 метр

Ээн жана чѳл аймагы катары 40 миӊ км2 жер бѳлүгү дүйнѳлүк мурастар тизмегине даярдалган, ал эбегейсиз аймакты ээлеп Керман, Түштүк Хорасан, Систан жана Белучстан провинцияларынын ортосунан орун алган бул аймак дүйнѳлүк мурастар уюмуна катталууга сунушталган.

Каттоо иши 2014-жылы башталган жана ошол эле жылы ЮНЕСКОнун Париждеги бѳлүмүнѳ тиешелүү документтер жиберилген. Бул долбоор кѳптѳгѳн географтар жана башка тармактагы жумушчулар аркылуу иштелип чыгып 2016-жылы дүйнѳлүк мурастар уюмунун жыйынында, Лут чѳлү биринчи Ирандын табигый эмгеги катары катталган.

Ошондой эле түзөтүү

  •  Чѳл
  •  Чѳл шибери
  •  Гандум буриан (куурулган буудай)
  •  Галофиттер

Шилтемелер түзөтүү

  •  Сүрѳттѳр: Лут чѳлү, ЮНЕСКОнун жаӊы асары, БиБиСи
  •  OSKIN, BECKY. “Where's the Hottest Place on Earth?”. Discovery, 25 July 2012. Retrieved 3 September 2014.
  •  Lūt Desert”. Encyclopædia Britannica. Retrieved 3 September 2014.
  •  Кавире Лут жана Иран чѳлдѳрү
  •  Лут чѳлүнүн катталышы жѳнүндѳ толук маалымат
  •  Иран геоморфологиясы
  •  «The hottest spot on Earth». НАСАا، April 12, 2012.
  •  «The Hottest Spot on Earth». НАСА، November 24, 2006
  •  «Finding the Hottest Spots on Earth by Satellite». НАСА، May 2, 2012
  •  http://earthobservatory.nasa.gov/Features/HottestSpot/page1.php
  •  http://www.britannica.com/blogs/2013/08/hottest-place-earth-redux Archived 2014-02-03 at the Wayback Machine
  •  http://earthobservatory.nasa.gov/Features/HottestSpot/page2.php
  •  Гандум буриан дүйнѳнүн эӊ ысык жери эмес, эркин информагентство
  •  Гандум буриан дүйнѳнүн эӊ ысык жери эмес, мэхр информагентство, 2011-жыл
  •  Иран ѳнѳрү жана археологиясы, макала, Али Хакими
  •  БиБиСи Перс тилинде
  •  Биринчи табигыйэмгек: Лут чѳлү

Булактар түзөтүү

  •  Географиялык доклад- биринчи чыгарылыш- Лут чѳлүнүн топурактарынын үлгүсү, доктор Фаражуллах жана доктор Парвиз Кердавани
  •  Шахдад жана Деште Луттун географиялык тарыхы, доктор Ахмад Мастуфи
  •  Географиялык доклад, 12- чыгарылыш, доктор Парвиз Кердавани
  •  Практикалык геоморфология, доктор Хасан Ахмади

Башка колдонулган адабияттар түзөтүү

  •  Ирандын чѳлдѳрү жана кавирлери
  •  Дүйнѳнүн эӊ ысык аймагы Деште Лут Иран
  • “Кыргызстан”. Улуттук энциклопедия: 1-том. Башкы ред. Асанов Ү. А., Б.: Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2006. ISBN 9967—14— 046—1