Дешт, даштИран тайпак тоолорундагы, ошондой эле Орто Азия жана Батыш Кытайдагы чөлдүү түздүктөр. Жери кургак, шагыл таштуу, шорлуу келет. Термин чөлдөрдүн энчилүү аттарынын курамдык бөлүгү катары да кездешет; Мисалы, Деште-Кевир, Деште-Лут, Дашти-Марго жана башка чөлдөр. Дешт тажикче, фарсча, афганча – түздүк, талаа, чөл деген маанини билдирет.

Колдонулган адабияттар түзөтүү

  • “Кыргызстан”. Улуттук энциклопедия: 1-том. Башкы ред. Асанов Ү. А., Б.: Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2006. ISBN 9967—14—046—1