Дженчураева, (Жээнчороева) Александра Васильевна

Дженчураева, (Жээнчороева) Александра Васильевна (1944 –ж. т., Полтава облусу, Лехвиц р-ну, Пески кыштагы) – геолог, геология-минералогия ил. доктору (1995). Саратов Мамлекеттик ун-тин бүтүргөн (1966). 1966-жылдан Кыргыз Республикасынын өкмөтүнүн алдындагы «Мамгеолагентствосунун» Геология-экономикалык изилдөөлөр б-ча кыргыз методикалык экспедициясында улук техник, геолог, отряддын ж-а партиянын начальниги болуп иштейт. Анын илимий иштери негизинен Кыргызстандын стратиграфиясы менен палеонтологиясына арналган.

Колдонулган адабияттар түзөтүү